БУЛБУЛ

Жомок казынасынан

Байыркы бир заманда чал менен Булбул дос болушуптур. Чал көзгө атар мергенчи, анан кол ойноткон комузчу да болгон экен. Ал аңчылыкка чыгып, ошону менен оокатын өткөрүп жүрчү. Токойдогу сайраган түрдүү куштардын үнүн угуп, үйүнө келгенде аларды комуздун күүсүнө салып, мукамдуу күүлөрдү чыгарар эле. Күндөрдүн биринде чалдын комуз черткен күүсүнө кызыккан Булбул:
– Досум, мага ушул күүлөрүңдөн үйрөтүп койчу...- деп суранат.
– Макул,- дейт чал.
Ошондон баштап ар күнү мергенчиликтен келгенден кийин комузун колуна алып, ар кандай мукам күүлөрдү кубулжута чертип, ал эми Булбул тыңшап отурат. Бара-бара комуз күүлөрүн туураганга Булбулдун тили жатыга баштайт. Күндөр өтүп, комуз күүлөрүн шаңшыта сайрап, бүт үйрөнүп алат. Булбул кийин такшалып, анын сайраганын уккан адамдар тыңшап эле отургусу келип, таң калышат. Ошондо абышка Булбулга кайрылат:
– Досум, сенин сайраганың бүткүл элге жагып калды. Адамдын баары эле уккусу келет. Бирок күндүз сени тыңшап отура беришип, иштери жасалбай калып жатат. Ошондуктан түнкүсүн сайра. Түнкүсүн эл бош, сайраганыңды жайбаракат угуп маашырланышсын.
Ошентип, Булбул сайраганды комузчудан үйрөнүп, досунун өтүнүчү менен дайыма түнкүсүн сайрап калган экен.

Асхат Субанбеков
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
erlan110587
2012-08-11 00:14:08
булбулум булбулумай, булбулум кургурум ай
0
№ 509, 3-9-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан