Ырчы Стас Михайлов былтыркы жылдагы позициясын бекемдеп, быйыл да «Forbеs» журналынын изилдөөсү боюнча "орус шоу-бизнесиндеги эң бай адам" деп табылды. Ал эми 2-орунду теннисчи Мария Шарапова, 3-орунду ырчы Алла Пугачёва алды. Тизмеге жаңы кошулгандардан 11-орунду модель Наталья Водянова,13-орунду хоккейчи Евгений Малкин ээледи. Мындан сырткары тизмеде көп жылдардан бери туруктуу отурукташып калган Филипп Киркоров, Анастасия Волочкова, Андрей Аршавин, Николай Басковдор да бар.