Өкмөт менен парламенттин тиреши улам бир окуя менен күчөп барат. Бул аптада өкмөттүн маалыматтык саясатын көзөмөлдөөчү Султан Каназаров: “Ата Мекен” “Кыргызнефтегаз” ААКсына бирөөнү жетекчиликке коюу сунушу менен өкмөт башчысына кайрылган. Өмүрбек Бабанов ал өтүнүчтү аткарбады. Премьер-министр Өмүрбек Текебаевдин мыйзамсыз өтүнүчүн аткарбагандыгы үчүн “Ата Мекен” өкмөттү отставкага кетирүүнү каалап жатат”,- деп чыкты. “Ата Мекен” Султан мырзанын бул билдирүүсүн жоопсуз калтырган жок. “Каназаров Жогорку Кеңештин өкмөткө нааразычылыгын бир адамдын экинчи адамга жекече капачылыгы, башкача айтканда, Өмүрбек Текебаевдин Өмүрбек Бабановго ич күптүсү катары көрсөтүүгө аракет кылууда. Бирок Султан Каназаров да, анын артында турган адам да өкмөттүн маселелеринин чыныгы деңгээлин жакшы билишет. Андыктан коомчулуктун оюн башка нукка салууга аракет кылышууда. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин кароону төрагага 45 депутат сунуштады. Парламенттин үчтөн бир бөлүгүнөн көбү көтөрүп жаткан маселе эки саясатчынын же эки фракциянын эмес, парламенттин өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси болот.
Өкмөт азыр туталанууда. Бир жагынан ар кандай күбүр-шыбырларды таратып, жеке таарынычтарды чуурутуп чыгара баштаса, экинчи жагынан толук иштелип чыкпаган чала жан идеяларды биринин артынан бирин алып чыга баштады. Мисалы, мектепти өзүн-өзү каржылоого өткөзүү. Ата-энелер ачууланып, президент сын айтып, акыры Адилет министрлиги бул демилге конституциялык нормаларга туура келбей тургандыгын “аныктап” чыкты. Ошол нерсе эмне үчүн алдын ала аныкталбайт? Күз жакын, өкмөткө берилген убакыт марасына жакындап баратат. Өкмөт өзүнүн өмүрүн сактап калууга жан далбас кылууда. Эгер жеке инсандарга тийишүү, жеке таарынычтарды чуурутуп чыгуудан башка жол таппай жаткан болсо, анда өкмөттүн истерикага алдырганы. Ар кандай ушактардын деңгээлинде эмес, аргументтердин негизинде даярдануу керек. Анткени Султан Каназаров коргоп жаткан адамга парламенттин суроолору өтө көп”,- деп билдирди “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин кеңешчиси Нурдин Дүйшөнбеков.
Нурдин мырзанын айткандарында жүйө бар. Бирок... Баягы эле суроо, ушул адамдарды өкмөткө алып келгендер кимдер эле? “Чабал” кадрларды тандап жатканда Жогорку Кеңеш ойлонсо болбос беле?