Сүрөттүү жомок
Илгери бир абышканын мышыгы болуптур. Тентектигин сурабагыла, абышка токойго отун алганы барса, мышыгы ойноп аркасынан барып, анан жоголуп кетет. Мышык жолдо коркуп баратса, алдынан Түлкү чыгып, аны таң кала карап калат.
“Сен бизге керек экенсиң” деп Түлкү Коңкулдакты үйүнө ээрчитип кетет. Түлкү укмуштуу досу менен баарына мактанмакчы болот. Кийинки күнү Аюу менен Карышкырга жолугуп, өзүнүн үйүндө өзгөчө жаныбар жашап жатканын айтат.
Эртеси Карышкыр белекке козу камдап, Аюу букасын союп, “эми токойдун төрөсүнө биздин белегибиз жагар бекен...” деп Түлкүнүкүнө чочулай жөнөп калышат. Алдынан чыккан Коёнго жагдайды айтып, аны да кошуп алышат.
Алда кандай болуп кетет деп Карышкыр менен Аюу дарактардын далдасына жашына турууну чечишет. Мышык Түлкүнүн үйүнөн чыгып белектерди көрүп, козуну тиши менен тиштеп, тырмактары менен тытып кирет. Мышыктын ыркыраганынан коркуп кеткен Карышкыр тура качмай болот. Жалбырак кыймылдаганда Мышык чычкан экен деп секирип жетип, жүнүнөн апчып калат.
Жүрөгү түшкөн Карышкыр качам деп тура калат. Аны көргөн Аюу майпаңдай чуркап, экөөнү байкаган Коёнек кулактарын сербеңдете алдыга түшүп зыр коюптур. Ошентип, Түлкүнүн амалы менен Мышык жаныбарларды катуу коркуткан экен.
Сабыр сабиз сугарат,
Сайра сайдан суу алат.
“С” тамгадан башталып,
Сүйлөм сөздөн курулат.
Пахта, пилге, партага,
“П” жазылат, баш тамга.
“П” тамгасы болбосо,
Парча айланат арчага.
“Ө” тамгасы тегерек,
Өрдөк десең, “ө” келет.
Өтөгөнгө, саначы,
Канча тамга “ө” келет?
Асек Казиев, Нуржамал Жийдебаева
balakai@super.kg