РААТБЕК САНАТБАЕВдин ЫСЫМЫ ӨЧПӨЙТ

Жалал-Абад шаарынын СМУ кичи шаарчасында элибиздин патриот уулдарынын бири, кыргызды дүйнөгө дүң­гүрөткөн раматылык Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектеби бар. Ал жакка каалаган азамат келип, машыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Алгач жөн гана машыгуучу зал болгон бул мектеп 1969-жылы курулган. Арадан 42 жыл өткөндөн кийин толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, 2007-жылы балбан Раатбек Санатбаевдин аты ыйгарылган. Учурда 600гө жакын бала машыкса, алардын ичинде Дүйнө, Азия чемпиондугуна чейин барып, ийгилик алып келгендери да бар. Мектептин директору Белек Калиевдин айтуусунда, грек-рим күрөшү боюнча 2 ирет Кыргызстан биринчилигин алып, Азия чемпиондугунда 3 коло медаль жана Түркиядагы студенттер арасындагы мелдеште коло медалга татыган Тынчтык Токторбаев дал ушул мектептин окуучусу.
Шаардык мэрия бардык тараптан спортчуларга колдоо көрсөтүп, каржылап келет.
Маркум Баяман Эркинбаев да учурунда ушул мектепте машыкканын айта кетпесек болбос. Чыныгы балбандарды тарбиялап келген бул залга баш бакканда төрдөгү Раатбек Санатбаевдин чоң сүрөтү көзгө урунат.

“РААТБЕККЕ ОКШОШСУҢ ДЕШЕТ”
2011-жылдын июнь айында Индонезия мамлекетинде грек-рим күрөшү боюнча өткөрүлгөн мелдеште 3-орунга татыган 21 жаштагы Өмүр Зулпукаровду кепке тарттык. Ал буларды айтып берди:
– Бул спорт мектебинде машыгып жүргөнүмө 10 жылдан ашты. Мен «ири мелдештерде утуп, Кыргызстандын желегин бийиктерге көтөрөм!» деген ураан менен жашап келем. Кызыгы, мени «Раатбек Санатбаевге окшош экенсиң» деп көп айтышат. Албетте, бул мен үчүн чоң сыймык. Кумиримдин жолун улап, көптөгөн ийгиликтерге жетишсем дейм. Спорт менин жашоом болгондуктан, болгон күч-аракетимди жумшайм. Ушул убакка чейин кандай ийгиликтерге жетишкен болсом, ал – машыктыруучумдун эмгеги. Буюрса дагы көптөгөн мелдештерде кумиримдин жолун жолдосом дейм.

“МЫКТЫ СПОРТЧУЛАРДЫ ТАРБИЯЛОО – МАКСАТЫБЫЗ”
КРнын Эмгек си­ңирген машыктыруучусу Ислам Умурзаковду кепке тартканыбызда төмөнкүлөргө токтолду:
– Машыгып жүргөн балдардын арасында Раатбек Санатбаевдин жолун жолдоп, ийгилигин кайталай алчу спортчуларыбыз жок эмес. Демек, балбаныбыздын ысымы өчпөйт. Машыктыруучунун максаты – чыныгы инсандык сапаттагы спортчуну тарбиялап, жеңиштерге жеткирүү.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 510, 10-16-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан