Эки жумадан ашуун Ош шаарында обладминистрациясынын астына коммерциялык банктардан насыя алып, төлөй албай жаткан жарандар митинг уюштурушту.
“Насыяларын төлөй албай 2 айдын ичинде 6 адам өзүн өзү өлтүрүүгө барды. Жетекчилерден насыялардын төлөм пайызын жеңилдетип берүүсүн суранабыз. Талаптарыбыз аткарылмайынча, ушул жерде болобуз. Бизге мамлекеттик жетекчилерден эч ким кайрылып, абалыбызды сурап да койгон жок”,- деп билдирет «Асыл Аманат» коомдук бирикмесинин жетекчиси Венера Ашымова. 1-август күнү митингчи аялдар “орган кызматкерлери Венера Ашимованы күч колдонуп салып кетти” деп чыр чыгарышкан. Бул окуянын чоо-жайы, көрсө, төмөндөгүчө экен.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын пресс-катчысынын маалымдамасы боюнча, Кара-Кулжа районунун тургундары тарабынан Венера Ашимованын жана ата-энесинин үстүнөн алдамчылык фактылары боюнча Ош облустук прокуратурасына 34 арыз түшкөн. Облустук прокуратура бул ишти карап чыгууну Кара-Кулжа райондук прокуратурасына жүктөгөн. Aталган арыз Кара-Кулжа РИИБинде катталып, текшерүү иштери жүргүзүлгөн.
Текшерүүдө маалым болгондой, Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол айыл округуна караштуу Октябрь айылынын тургундары Марипжан Ашимов, жубайы Ибадат Аданбекова жана кызы Венера Ашимова ошол эле айылдын 34 тургунуна жеке фермердик чарбачылык жүргүзүп жатканын айтып, алардын ишеничтерине кирип, насыя алып берүүсүн суранышат. Насыялык карыздарды өздөрү төлөп кутуларын айтып, алдоо жолу менен 5-6 адамдан турган «Космир», «Байбосун» жана «Элес» аттуу жасалма топторду түзүп, насыя алуучулардын аттары көрсөтүлгөн документтерди жасашкан.
«Байтүшүм» ЖАКнын микрофинансы компаниясынан 7 адамдын атынан 165 миң сом, «Мол-Булак» МФКнан 30 адамдын атынан 1 миллион 268 миң жана «Компаньон» МФКнан 8 адамдын атынан 249 миң сом, жалпы 1 миллион 682 миң сом акча алышкан. Акчаларды өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн жок кылып, насыялык карыздарды төлөбөй коюшкандыгы аныкталган. М.Ашимов, И.Аданбекова жана В.Ашимовага карата КРнын Кылмыш жаза кодексинин №166 жана №350-беренесинин негизинде иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Венера Ашимова кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында адамдарды уюштуруп, Ош обладминистрациясынын алдына боз үй тигип, тергөөгө келбей жүргөн. Ушул себептүү 1-август күнү Кара-Кулжа РИИБинин тергөө бөлүмүнө мажбурлап алпарылган. Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.
Эсиңизде болсо, 31-июль күнү да Ош шаарынын борбордук аянтында митинг өтүп, нааразы тарап «микрокредиттик компанияларды өрттөйбүз» деп чыккандыгын жазган болчубуз. Бул макаладан соң Кара-Көл шаарынын тургуну бизге байланышка чыкты. Атын атагысы келбеген айымдын айтымында, «АКБ» банктан кредитке көп суммадагы акча алып, кийин төлөө маалы келгенде банк пайызын көтөрүп салган. Күрөөгө койгон үйүнөн айрылып калуудан коркуп, тез аранын ичинде башка бир кредиттик компаниядан акча алган. Азыр ал жактагы карызы 208 миң сомго жетип, «кантип төлөөрүмдү билбей башым катып отурат» дейт.
Арыздануучу айым айлыкка жашагандыктан, албетте, мындай чоң сумманы төлөө маселе жаратат. Акча алып, кийин төлөй албай карызга белчесинен батып, сызга отуруп калгандардын саны өсүүдө. Мисалы Кара-Көл шаарчасында эле алардынс аны 20дан ашык.
Уулбү Каныбекова
Osh@super.kg