Таман акы, маңдай тер менен иштеп, акча таап жаткандар бар. Алардын бири нечен жылдан бери аары багып, тапкан кирешесинин арты менен балдарын багып, чоңойтуп, үйлөнтүп-жайлантып келаткан Шаршенбай ата. Учурда Нарын районуна караштуу Достук шаарчасында жашайт.
Шаршенбай ата өз ишин 1975-жылы союз мезгилинде тааныш бал челекчиден бир челек аары алып багып баштаган. Ошол таанышынан аары багуунун жолдорун үйрөнгөн. “Аары багуу мал багууга караганда чыгымы аз, кирешеси көп болот” деген каарманыбыз кичинесинен аары багууга кызыгып, китептерди чогултуп, атайын журналга жазылып окуганын эскерет.
Учурда Шаршенбай атанын 25 челек аарысы бар. Убагында 100дөн ашык челек да багып көргөн. Орустун аары изилдөөчүсү Кандрак айткандай, «сапатсыз он беш челекке караганда, сапаттуу беш челек аары баккан жакшы» деген сөздү баалап, кийин сапатына карап калган. Бир челектен 25 килограммдан 50 килограммга чейин бал алууга болот. Нарындын катаал суугунан улам кышкысын үйүнүн бир бөлмөсүндө багышат, аларды эксперимент кылып кышында эшикке да багып көргөн. Аарылар суукка чыдаганы менен, балды аз берип калышкан.
Каарманыбыздын жубайы да жанында жөлөк болуп дайыма жардамчы. 25 челек аарыга күнүнө эртең менен үч чака, кечкисин үч чака суу куюу жубайынын жумушу. Ушунча жылдан бери бал алып өзгөчө эсинде калганы, мындан он төрт жыл мурун 9 фляга алып, төртөөнү борборго келип килограммын 50 сомдон саткандарын унутушпайт. Шаршенбай атанын ишин балдары да үйрөнүп, учурда анын ишин улантып жатышат.