“Нарын-Ат-Башы” ГЭСинин кубаттуулугу 40 миң кВт, жылына 105 миң кВт электр кубатын иштеп чыгарат. Бул электр станциясы деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан. Туурасы 30, бийиктиги 80 метр. Тогоон (плотина) 40 миллион м3 суу топтоп, Ак-Талаа, Нарын райондорунун миңдеген гектар жерлерин сугарууга мүмкүнчүлүк берет.
Курулушу 1964-жылы башталып, 1979-жылы аяктаган. 1979-жылдан баштап Болот Исаков жетекчи кызматка турган. Андан соң Адам Акбагышев директор болуп, ушул тапка чейин кызматын аркалап келет.