БИРДИКТҮҮ МЕКТЕП ФОРМАСЫ КИРГИЗИЛЕТ

Быйылкы жылдын 1-сентябрынан тарта Нарын шаарынын мектептеринде окуучулар үчүн окшош форма киргизилет. Бул тууралуу Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова: “2012-2013-окуу жылдарында мектеп окуучуларына бирдей форма кийүү талап кылына баштайт. Өз каалаганындай кийинүүгө тыюу салынмакчы”,- деди. Анын айтымында, форма заманбап үлгүнү эске алуу менен тигилген жана баасы да базар наркынан төмөн. 1-4-класстын окуучуларынын формасы – 780 сом, 5-8-класс – 1060 сом, 9-11-класстагылар үчүн – 1200 сом турат. Нарын тоолуу аймак болгондуктан, форманын жылуу варианттары да каралууда, андыктан алар да жакын арада сатыкка түшөт.
Форма сатып алуучу ата-энелердин эсине: 12-30-август күндөрү Нарын шаарындагы “Намыс” спорт комплексинде мектеп жарманкеси өтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
men_aman
2012-08-15 19:03:10
Нарында кыла берсин бизге кереги жок ал да бироонун бизнеси да как баштар жеп тойбогондор айбансынар айбан
0
TolonturCN
2012-08-15 22:29:20
Buga cheyin mektep formasy jok bele? mektep formasy bolush kerek, bolgondo da kyrgyzcha tvs algan, kyrgyzcha ozgocholvk menen dizayindelgen formalar bolush kerek.
0
№ 510, 10-16-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан