Жумгал районунун орто мектептеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы аягына чыгып, оңдоо иштери толугу менен бүттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Турсун Матанова кабарлайт. Маалыматка ылайык, Кабак айыл өкмөтүнө караштуу И.Орозалиев атындагы орто мектептин жылуулук системи коюлуп жаткандыгынан оңдоо иштери бүткөрүлө элек. Райондогу мамлекеттик 11 бала бакчаны оңдоо иштери толугу менен аягына чыккан, алардын ичинен Миң-Куш шаарчасындагы «Байчечекей» балдар бакчасы, Түгөл-Сай айылындагы «Уруке» балдар бакчалары оңдоодон өткөрүлдү. Район боюнча 896 мугалим болсо, анын ичинен жогорку билимдүүсү 803, жетишпеген мугалимдердин саны 17ни түзөт.