Ысык-Көл облусунда буудайдын баасы күн санап өсүүдө. Маселен, бүгүнкү күндө 1 килограмм буудайдын баасы базарда 16-17 сомду түзүүдө. Мындай билдирүүнү Экономика жана монополияга каршы министрлигинин облустук бөлүм башчысы Улан Мурадылов айтты. Буудайдын баасынын жогорулоосу быйылкы түшүмдүн начардыгы менен түшүндүрүлөт. "Буга чейин буудайдын орточо баасы 10-12 сомду түзүп келген. Азыр буудайга болгон баа көтөрүлүүдө. Анын башкы себеби буудайдын өткөн жылкы түшүмү түгөнүп баратат, ал эми быйылкы түшүм начар. Ушундай себептерден өткөн жылдагыдай Чүйдөн жаңы түшүм көп келбей калып, ундун баасы 25-26 сомго көтөрүлүп кетти" дейт Улан мырза.