Облуста 3-август түнү саат 23:30 чамасында 10 мүнөт тынбай жааган мөндүрдүн кесепетинен Ысык-Көл районундагы 3 айыл өкмөттүн 2900 гектарга эгилген дан өсүмдүктөрү зыян тартты. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Дүйшөбаев билдирди. Анын айтымында, Кашат, Григорьевка, Кожояр жана Семёновка айылдарынын дыйкандарынын басымдуу бөлүгү насыя менен иштегендиктен, аларды кайгыртпай койгон жок. "Эми дыйкандар үчүн жардам көрсөтүп, жер акысын жана насыясын эмки жылга жылдырууга болгон аракетти жумшайбыз" деп билдирет Талантбек мырза.