Каракол шаарынын башкы көчөлөрүнүн бири Гебзе көчөсүнө Түркиянын Гебзе шаарынын аткаминерлери 2010-жылы 100 миң доллар акча каражатын берген. Бирок көчөнүн 20 пайызы бүтүп, калган бөлүгү каражат жетпей токтоп калган эле. Аталган көчөнү толук бүтүрүү үчүн 400 миң доллар сарпталары белгилүү болгон. Ушундан улам Каракол шаарынын мэри жана 8 депутат Түркияда иш сапары менен болуп, Гебзе шаарынын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кайтышты. "Гебзе шаарынын жетекчилери бизге эки вариант сунуштап жатышат. Биринчиси, “каражатын төлөйбүз, калганын өзүңөр бүтүргүлө” десе, экинчиси, “өзүбүздүн жумушчуларды жалдап бүтүрүп беришибиз мүмкүн” деген вариант. Биз эки вариантына тең макулбуз, болгону, көчө оңдолуп бүтсө деген эле тилек" деп билдирет Каракол шаарынын мэри И.Өмүрканов. Демек, жакынкы арада Гебзе көчөсү толугу менен бүтөт деген үмүт менен күтө туралы.