Талас облусунун губернаторунун биринчи орун басарына карата "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деген негизде кылмыш иши козголду. Биринчи орун басар Кылмыш жана жаза кодексинин 304-берене (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 17-беренеси (карамагындагы мүлктү өзүнө алуу же коротуп салуу) менен айыпталып жатат.
Ал чабандар жана дыйкандар менен жолугушуусунда Суусамыр өрөөнүндөгү көпүрөнү оңдотуу үчүн 5000 сомдон чогултуу демилгесин көтөрүп чыккан. Талас районунун айыл өкмөтү аркылуу чогултулган 60 миң сомду алган. Бирок ал көпүрөнү оңдотпостон, чогулган акчаны чөнтөгүнө салган. Учурда тергөө иштери уланууда.