КИРОВДО СУУ АЗ, КАЗАКСТАН СУУСУЗ КАЛГАНЫ ТУРАТ

Быйыл Таластагы Киров суу сактагычында суу аз. Бул ысык жана кургакчыл жайдын кесепетинен. Аталган суу сактагычтагы суунун 80-85 пайызын Казакстандын Жамбыл облусу талаа суугаты үчүн алат. Тактап айтканда, 120 миң гектар аянты сугарылат. Калган суу Талас облусунун Манас районунун айрым айылдарына кетет. Андыктан келерки жылы суу тартыш болуп, Жамбыл облусуна суу жетпей калышы мүмкүн экенин кыргыз адистери айтып чыгышууда.
Киров суу сактагычы 1976-жылы курулуп бүткөн жана ага 550 миллион м3 суу батат. Суу сактагычтын оңдоп-түзөө иштеринин көбүн Казакстан тарап аткарат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
TolonturCN
2012-08-15 22:30:16
оңдоп-түзөө иштеринин көбүн Казакстан тарап аткарат. emne degen soz? ushunchalyk ishterdi da Kyrgyzstan ozdorv jasabaiby.
0
zhetimishbaev
2012-08-16 04:09:28
kirov suu saktagy4yn kazaktar bolboso davno kulap kalmak. a bizge emne baary birda. akcha alsak boldu. ushunun baaryn chondor kylat chontoko akcha tushsundep.
0
asdf
2012-08-16 12:01:45
Ондоп тузоо иштерин казакиар жазаса анда ким билет бальким озубуз суусу жок калбасак болду
0
№ 510, 10-16-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан