ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (13-августтан 19-августка) чейин

КОЙ (21.03-20.04)
Апта бир аз кыйынчылыктар менен коштолмокчу. Ишиңизге дыкат мамиле жасап, абайлап сүйлөгөнүңүз туура. Акчаны эпсиз коротуп алуудан оолак болуңуз. Келишим түзүүлөрдү, убада берүүлөрдү кийинчерээкке жылдыра туруу керек. Ички туюмуңуз менен кеңешип иш кылсаңыз, сүйүктүүңүз менен мамилеңиз жакшырат. Апта аягында таза абада сейилдөө менен жан дүйнөңүзгө ырахат тартуулай аласыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Текеберленүү менен жетекчиңиздин кыжырына тийип алышыңыз мүмкүн. Кеңештерге олуттуу мамиле жасоо зарыл. Касташып жүргөн адамдар тараптан бут тосуулар болушу ыктымал. Жеке жашооңузда жагымдуу жагдай түзүлүп, жаңы сүйүүгө кезигесиз. Эски сезимдерден баш тартканыңыз оң деп эскертишет жылдыздар. Ден соолугуңузга кам көрүүнү унутпаңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Шериктештердин колдоосуна арзып, ишиңиздин илгерилеши күтүлөт. Аптанын ортосунда жаңы буюм сатып алышыңыз мүмкүн. Сүйүү жаатында олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болосуз. Тамагыңызды ылгап жебесеңиз, ден соолугуңуз начарлашы ыктымал. Жекшембиде жакындарыңыз менен сейилдөөгө чыкканыңыз оң.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бул апта соода менен алектенген бөйөндөр үчүн өтө ийгиликтүү болмокчу. Акчанын жаңы булактары табылышы ыктымал. Үй-бүлө мүчөлөрү арасында пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Бул жагдайдан токтоолук менен чыгып кетүүгө далалат кылыңыз. Апта аягында курбулар тарабынан кечеге чакыруу аласыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Сиз үчүн бул апта жемиштүү. Кандай гана кырдаал жаралбасын, аны чечүүгө дареметиңиз жетиштүү болот. Шейшемби – бир нерсени өздөштүрүүгө ыңгайлуу күн. Андыктан жаңы тармакта билим алам дегендерге жашыл жарык. Артыңыздан ээрчиген ушактарга көңүл бурбай эле койгонуңуз оң. Дем алыш күндөрүн үй-бүлөңүздүн чөйрөсүндө өткөрүү сунушталат.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жакын адамдарыңыздын курчоосунда тынч апта кечиресиз. Муктаж адамдарга жардам берүүгө аракет жасаңыз. Алыстан келген жагымдуу кабар көңүлүңүздү көтөрөт. Апта ортосу таарынышып жүргөн сүйүктүүлөр үчүн жарашууга ыңгайлуу учур. Апта аягы бир аз оор болмокчу. Бул учурда музыка угуу, кино көрүү менен алаксыган жеңил.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жоопкерчиликти жана өзүңүзгө болгон талапты жогорулатсаңыз, чоң ийгиликке жетише аласыз. Алыс жактагы шериктештер менен алаканы жакшыртуу керек. Күтүүсүз жаралган кырдаалдан чыгып кетүүгө даяр болуңуз. Аптанын экинчи жарымында олуттуу чечим кабыл ала билиңиз. Жакын адамыңызды таарынтып албаш үчүн мүнөзүңүздү жумшартыңыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жетекчилик менен пикир келишпестиктер болушу күтүлүүдө. Мындай учурда азыраак сүйлөп, көп тыңшоо керек. Тапканыңызды жөнсүз колдонуп салуудан качканыңыз оң. Антпесе бирөөдөн карызга акча алууга муктаждык келип чыгышы мүмкүн. Бойдоктор сүйүү сезимине кабылуу мүмкүнчүлүгү чоң. Нерв системин калыбына келтирүүдө сууда сүзүү, йога менен машыгуу сунушталат.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Олуттуу чечимдерди кабыл алууга ылайык апта. Көптөн бери ишке ашпай келген пландарды аткарууга кез келди. Бирок иш кагаздарын толтурууда кылдат болуңуз. Туугандар тарабынан колдоого арзый аласыз. Сезимдер толкуп, жаңы сүйүүгө кабылышыңыз ыктымал. Ишембиде кирешелүү болуп, капчыгыңыз кампаят.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Үй-бүлө арасында түшүнбөстүктүн айынан чыр чыгышы ыктымал. Андыктан ар бир ишти өз маалында жана так аткарып жетишүүгө аракеттениңиз. Керексиз буюм-тайым сатып алуудан баш тартканыңыз оң. Жеке жашооңуз кайрадан өз нугуна түшүп, эски сезимдер жанданат. Апта аягында сапарга чыгасыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Көпчүлүк сууперилер үчүн иш жаатында ийгиликтүү апта болмокчу. Жаңы идеяларыңыз жетекчилик тараптан колдоого арзып, алкыш уга аласыз. Улуу муундагы адамдардын кеп-кеңешин угуп коюу ашыктык кылбас. Чыгармачыл адамдарга аптанын экинчи жарымы дем берет. Жеке жашооңузда жаңы таанышуулар болот дешет жылдыздар.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Өзүңүзгө болгон ишенимди арттыруу зарыл. Жалкоолуктун айынан көптөгөн чыр-чатактын үстүнөн чыгышыңыз мүмкүн. Аптанын ортосунда каржы жагдайы оңолот. Документ толтурууда этият болбосоңуз, алдамчылардын торуна түшүп жабыр тартасыз. Жаңы таанышкан адам жашооңузга бурулуш киргизиши ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 510, 10-16-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан