ТАГДЫР ОЮНУ-2

(Башы өткөн сандарда)

Канчалык аракет кылганы менен таежеси Айнур Бегимайды алаксыта албады. Ошентип күндөр өтүп жатты. Бегимайдын тагдырына жолукчу адам деле көп күттүрбөдү...
Деңизди жара тилип алдыга умтулуп бара жаткан яхтада эл көңүлдүү. Теңтуштары менен келгендер ортого чыгып көңүлдүү бийлеп, каалагандар күнгө кактанып, кээ бирлери уктап, айтор, эс алууда. Деңизди телмире тиктеп турган узун бойлуу, келбеттүү кыз көп элдин арасынан Мураттын көңүлүн бурду. Ал айланасындагы элге да, будуң-чаң болуп бийлеп жаткандарга да көңүл бурбады. Капкара, узун чачы желге желбирей алыска тигилет. Жүзүн көргөн жок. Бирок турган турушу менен назик, кол менен кармагыс аруу, анан дилин жылыткан бир жакындык сезилди. Жанына жакын баргысы келди. Ордунан туруп, эми жакындай бергенде кыз дагы бери бурулуп калды. “Кыргыз кыз го бул?” деп ойлоно түшүп, алдыга умтулду. Кыз эми гана жүзүн буруп, өзүн тиктеп турган жигитти көрдү. Бирин-бири эбактан таанып жүргөндөй жылмая беришти.
– Кыргызстандын илеби уруп жатканын байкап, сизге бет алдым эле,- деди Мурат күлүмсүрөй.
– Саламатсызбы, мен дагы сиздин биз жактык экениңизди дароо байкадым.
– Анда таанышып алалы. Менин атым Мурат. Нарындан болом.
– Бегимай, достор үчүн жөн гана Бема.
Узун бойлуу, жагымдуу сүйлөгөн, кадимки кара тору кыргыздын жигити. Жүрөгүнө тааныш, дилине жакын сезилди. Бегимай ушул учурда эли-жерин сагынганын туйду.
– Кайдан бул жакта жүрөсүз?
– Студентмин. Бул жакта окуп жүргөнүмө көп болду. Эми, буюрса, дипломду быйыл колго алып, мекениме кайтам деп турам. А сизди кайсы шамал айдап? Же эс алып келгенсизби?
– Аа, менби, мен... Мен жөн эле саякаттап жүрөм. Саякатчы бакамын...
Бегимай муңайым жылмайып койду. Ушул сөздөн, ушул көз ирмемден Мурат анын жаралуу жан экенин туйду. Андан аркы жагын такып сураган жок.
– Мен да бул жакка келгенде бир топ кыйналгам, кийин көнүп кеттим. Эмнегедир мага азыр бул жер Кыргызстандай эле жакын туюлат.
– А мен баары бир көнө албайм го, канча жыл жашасам да. Өзүм ушундай адаммын. Өткөнүн тез унутуп, жаңы жашоо менен жашап кеткен адамдар болушат эмеспи. А мен, тескерисинче, артка кылчактай берем.
Деңиз чалкып жатат. Аалам жапжарык, күн мээримин төгүп турат. Мурат менен Бегимайдын сөздөрү дале бүтпөйт. Бегимайдын тагдырына Мурат ушинтип жолукту. Ал али көп нерсени билбейт эле. Өзүнүн тагдырын бул кыз кандайча өзгөртөрүн, ошол жолдо азабы да, жыргалы да болорун, жашоосундагы эң чоң сыноо – ушул назик жанга тагдырын байлаганы болорун билбеген. Бир билгени, кыздын капкара, табышмактуу каректери гана...

ххх

Азирет эртең мененки уйкусунан ойгонуп-ойгоно электе эле Алинанын кубанычтуу үнүн эшитти.
– Ази, Ази, турсаң, сага сүйүнүчтүү кабарым бар.
Күчүнүн барынча жулкулдата, чачтарын уйпалай, жүзүнөн өпкүлөгөн колуктусун таң кала карады.
– Ауу, сага эмне болду?
– Турсаң эми, сага сонун жаңылык айтам.
– Ууф, саат канча болду?
Көздөрүн ушалай саатты караган Азирет жуурканын кайра чүмкөнө берди.
– Алинка, суранам, жайыма койчу. Саат 6 эми болуптур. Жаңылыгыңды анан деле айтсаң болот. Мен эч кайда качып кетпейм.
Алина жаш балача таарына отуруп калды. Бир аздан кийин бактылуу жылмая колундагы кош бойлуулукту далилдөөчү тестти аяр сылап алды.
– Азирет, жаным менин, уйкучум десе. Макул, уккуң келбесе деле баары бир айта берем. Анткени сен дагы бул нерсени күтүп жүргөнсүң. Мен...
– Алина дейм, уктайм!
– Азирет, бир эле сөз айтып коёюнчу. Анан уктайсың...
Айласы кеткен Азирет ордунан обдулду.
– Жабышчаак, кана эми айтчы.
– Муну көрдүңбү?- деди колундагы тестти булгалаган Алина.
– Эмне экен ал?
– Макоо, бул деген тест. Эми экөөбүз ата-апа болобуз. Менин боюмда бар!
Күлүңдөп колун булгалап жаткан Алинаны тиктеп туруп Азирет оозун ачып калды.
– Кандайча?
– Ушундайча эле.
– Коё турчу, сен чын айтып жатасыңбы? Биз чын эле балалуу болобузбу?
– Балалуу болобуз.
Азиреттин оозунан сөзү түшүп калды. “Бала, мен балалуу болом!” Өзүнүн үйлөнгөнүн, эми биротоло Алинага байланганын бүгүн сезди. Кубанып, өзүн жадырай тигилип турган келинчегин бооруна кыса:
– Куттуктайм, Алишка, мен сени жакшы көрөм,- деди күбүрөй.
– Эмнеге “мен сени сүйөм!” деп эч айтпайсың?
– Мен сени жакшы көрөм!
– Болуптур, азырынча жакшы эле көрүп тур. Кийин сүйүп каласың. Көрөсүң го, сүйдүрүп алам,- деди Алина акырын.
Азирет үй-бүлөсүнө карамдуу, боорукер чыкты. Келинчегине бир да жолу катуу айтып көңүлүн калтырып же кабак чытып көрө элек. Ар дайым Алинага кубанычтуу жүзү менен карайт. Аялы эмес, секелек кыздай чачтарын уйпалай эркелетип, колуна көтөрүп алат. Эмне кааласа баарын аткарат. Сыртынан караган адамга экөөнүн бактысы ченемсиз эле. Бирок жигиттин жүрөгүндө бир сагыныч турганы турган. Күчтөп басаңдата албаган же колу менен алып сала албаган бир түпөйүл сезим аны кыйнай берет. Ал сезим эмне экенин, кимди сагынып жатканын аягына чейин ойлонгусу жок, анда эле кайрадан капканга түшүп, чабалактап чыга албай каларын билет. Бирок тымызын, көңүлүнүн тээ түпкүрүндө “Бегимай” деген ат жашынып турганын, андан эч качан, эч кайда качып кутула албасын сезет. Сезгенде эмне? Куду кумга сиңип кеткен суудай жоголду. Ата-энесине чалып сурады эле, алар кабактарын салып жакшы жооп беришкен жок. Ушундай абалда жүргөн учурда “балалуу болосуң” деген нерсе жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө салбаспы.
– Алиш, а биз ата-эне болгонго даярбызбы?- деди кучагындагы келинчегинин чачынан сылай.
– А эмне болду? Сен баланы каалабай жатасыңбы?
– Би-билбейм...
– Азирет, баары жакшы болот. Кандай сонун, биздин балабыз болот. Чоң ата-чоң энеси сүйүнөт. Өткөндө атам “мен неберелеримди өзүм жетелеп бакчага алып барам” десе, апам “эч кандай бакчага бербейм, өзүм эле тарбиялайм” деп талашып жатышкан. Кызык, али эч нерседен кабары жок деп алардын жоругуна күлгөм. Эми тез эле...
Алинанын бактылуу жүзүн карап, Азирет да жылмайды. Бул ушундай жан. Жүргөн жери күлкү, шаттык, майрам. Эч кимге кабак салып карабайт, жадырап жүргөнү жүргөн.
Кийинки бөлмөдө Аскар менен Мариям таң азан ойгонуп, өз бактыларына мас болуп турушкан эле. Алар 23 жылдан кийин кол кармашып чогуу жашоону чечишкен. Күн өткөн сайын жүрөктөгү таарынычтар унутулуп, бири-бирине сүйөнүп, ал тургай бир аз убакытка көрбөй калышса сагынышып кетчү болушту. Молдого нике кыйдырып, тойчук жасап үйлөнүшкөнүнө аз эле болгон.
– Мариям, жүрөгүмдүн дүкүлдөгөнү сага угулуп жатабы?- деп калды Аскар.
– Ии, аттын дүбүртүндөй дүкүлдөйт.
– Жүрөк карыбайт тура, көрсө, көңүл карыбайт экен да. Мен сени 23 жыл мурункудан да ашыгыраак сүйөт окшойм.
– Анда жаш элек, көп нерсенин баркын билбейт болчубуз. Эми жашоонун чыныгы бакыты эмнеде экенин сездик. Бактыбызга жеттик. Билесиңби, мен өткөн өмүрүмдү эстеп, сенсиз бир дагы мүнөт бактылуу болбогонумду түшүндүм.
– Айтпа, аларды эч эстебе. Мен дагы эстебегенге аракет кылам. Аскат каза болгондо мен өмүрүмдү жоготуп алгам. Азиретти тапканымда өмүрүмдүн жартысын кайрып алгандай сездим. Эми сени менен мен өмүрүм толук, өксүгү жок экенин байкадым.
Аскар Мариямдын колдорунан өптү.
– Балдардын үнү чыгып жатабы? Алар кеч турушчу эле го...
– Азирет “бүгүн жумушумда зарыл иштер бар” деп жаткан...
– Кой анда, туруп тамак даярдайын.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Argymak
2012-08-13 12:28:10
Алинанын кубанычтуу уну угулду.
Ази Ази эшиттип атасынбы. Дейт го.
0
eliz-an86
2012-08-13 16:22:58
дагы зарыктырган сериал башталды
0
Tareg
2012-08-14 07:14:53
ushul serialdagy attar maga bir ui bulonu estetet da turat, alardyn da Askat degen uulu bar ele, anan da azyr Aziret degen inisi bar...
0
nelli
2012-08-14 11:17:29
дагы 1жума кутуу...
0
aayjamalka
2012-08-14 16:07:06
uuf jurogum ezilip kettttttttttttttiiiiiiiiii
0
koky85
2012-08-19 01:37:12
тезиреек уландысын каалайт элек э достор?
0
aibiyke
2012-08-19 02:37:22
куттум,куттум,куттум куто берип жадап буттум бир жума качан отот?!
0
taalai.torkent
2012-08-19 16:55:45
журокту эзген сериалдарды кутупжуруп каарыпкетет окшойбуз дагы 1 жума деп журуп нечендеген жумалар отуп жатат
0
sanka
2012-08-20 14:04:39
аягы жакшы болуп бутсо экен ортодон бир нерселер чыга калбай
0
№ 510, 10-16-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан