Аптанын каарманы Мирбек Атабеков 26 жашка толгону турат. Ырчы буга чейинки жашоосундагы кызыктуу учурлардан маек куруп берди.
“24 саат бою интернеттемин. Мурун менин атымдан “Мой мирге”
катталгандардын саны толтура эле. Расмий түрдө бул сайттын
администрациясына кат жаздырып жатып жаптырдык.
Эми бир эле Мирбек Атабеков бар. Кат жазып калсаңар туура өзүмө түшөт”.
– Салам, Мирбек, акыркы күндөрү репетициядан колу бошобой жүрөт деп угуп калам, концертке даярданып жаткансың го?
– Буюрса, жакынкы арада жандуу үндө концерт берейин деп камылганын үстүндөмүн. Келген элдин кулагы жагымдуу музыкага канып, көз тойгон жакшы оюн-зоок көрүп кетсин деп катуу чамынып жатам.
– Көп ырларың радиолордон жаңырары менен эле хитке айланат. Мунун сыры эмнеде?
– Мен көп изденем. Дайыма жаңы кайрыктарды издеп башым “шишийт”. Мисалы, бир ырымды эле беш-алты вариантта жазам. Анан улам бирин угуп, көңүлүмө толук жакмайынча улам жаңылай берем. Кээ бир ырларым айлап, жылдап деле туруп калат. Негизи, хитке айланган ырлар чыныгы таланттуу чыгармачыл топтун эмгеги десем туура болот. Продюсеримдин мыкты уюштургучтугу, идеяга байлыгы, ырларыма көрк кошкон аранжировка жасоочулар жана башка көптөгөн адамдардын эмгеги. Мына жакында эле “Балалыкка кайткым келет” деген жаңы ыр жаздырдым. Буюрса, бул ырым да элдин купулуна толот го деп турам.
– Бир күндөн кийин туура 26га толот экенсиң, отуз жашты көздөй ооп баратам деген кайгыруу жокпу?
– Эми баёо сезим балалык эң бир сонун учур экен да. Кичинекей, тентек, оюнга шашып эч нерсени этибар албай эле уруп-согуп кете берген Мирбекти сагынып кетем. Мына ошол сагынычтар уютку болуп, жогоруда айтылган ырымды жаратууга түрткү болду окшойт. Ии, баса, ошол окуучулук кезимде эч нерсени этибар албагандыгымдын айынан бир тамашалуу окуяга кабылгам. Окуучулук кезде адам өңдөнүп эрте туруп, тамак ичип окууга кетүү деген жокко эсе болчу. Бир жолу тура калып эле шаша-буша кийинип, мектепке жөнөп кеттим. Мектепке жеткенде мени таң калып карагандардан шекшип башымдан ылдый карасам, бутумда үйгө кийген тапичкем... Азыр деле ошол этибар албаган адатым жоюлган жок. Жакында эле бир достун телефонун кармап тургам. Кетерде акырын чөнтөккө салып баса бериптирмин. Анан да майда-чүйдө оокаттарымды жоготуп эле басып жүрөм. Айрыкча көз айнек, телефон, кол саат, капчык деген нерселер мага көпкө буюрбайт. Кээде жоготконумду деле бир-эки жумадан кийин байкайм. Бир жолу телефонумду жоготуп жибергем. Эки жумадан кийин Урмат Усенов чалып, “телефонуңду качан алып кетесиң?” деп жатпайбы.
– Жоготууга го жолдуу экенсиң, ал эми буюм-терим сатып алуудачы?
– Бул жагынан да жаман сапатым бар. Бир нерсени жактырып калсам, акыркы акчам болсо да, эртеңди ойлобой иштетип жиберем. Көп эле учурда чөнтөктү кагып салып, анан жөө кеткен күндөр болду.
– “Шопоголикмин” дечи...
– Ой, аябай эле “шопоголикмин”.
– Бойдокчулуктун доорун сүрүп жатасың. Бул нерсенин жаман жактары болсо керек, ээ?
– Менимче, жаман жактары жокко эсе.
– Көптөн бери Мээрим аттуу кара көздү жетелеп жүрөсүң. Күйөрмандардын курчоосунда калганыңда ал кыз сени кызганса керек?..
– Эң негизгиси, экөөбүздүн ортобузда чоң ишеним жашайт. Анын үстүнө мени кызгангандай “красавчик” деле эмесмин. Менин күйөрмандарым мени эмес, менин чыгармачылыгымды сыйлагандар.
– Бир топ ырчылар аты чыгып элге таанылып калгандан кийин эле продюсерлери менен келишимди токтотушат. Сенде мындай ой жарала элекпи?
– Мен андай эмесмин. Быйыл Канат байке менен иштешкениме 6 жыл болду, 3 жолу келишимди узарттык. “Бардык нерсеге өзүм жетише алам” деген кээ бир ырчылар продюсери менен иштешпей калып жатышат. Менин жетишкен ийгилигиме салымын кошкон Канат байке. Андыктан андай оюм жок.
– Бизге берген маектериңдин биринде “студия ачам” деген пландарыңды айткан элең...
– Ооба, ачкам, азыр иштеп жатат. Акыркы жаңы ырларым ошол жактан жаралууда.
– Казак туугандар сенин “Кара көз”, “Күндөр жаңырат” жана башка бир топ ырларыңды ырдап жүрүшөт. Деги эле ыр сатуу менен да пайда табасыңбы?
– Көбүнчө бекер эле берип салам. Сараң эмесмин. Ал эми “Кара көздү” 200 долларга саткам.
– Хит болчу ырыңды сурап келсе деле кармата салат турбайсыңбы...
– Чындап үнү жакшы болуп, талантын байкап калсам, бекер эле берип коём.
– Ырчылыктан сырткары кыялданган нерсең барбы?
– Бир жолу кино тартып жаткан чөйрөгө кошулуп калдым. Карап отуруп, ушунчалык актёрлук кесипке шыктанып кеттим. Бир дублду эле жүз жолу тартышат экен. Бирок ошол кыйынчылыктар мага аябай жакты. Жөнөкөй баланын образын жараткым келип жүрөт.
– Кыялдарың орундалсын.
– Рахмат.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg