КАЙДА ЖҮРБӨГҮН, МЕКЕНИҢ МЕНЕН АДАМСЫҢ

СССР кулап, өлкөбүз эркиндиктин кубанычына кошо катаалдыгын да баштан кечире баштаган мезгилде канчалаган мекендешибиз чет жакка жумуш издеп мигрант болуп кетишти. Алардын катары суюлмак түгүл жыл санап өсүп барат. Ошол чет жерде жүргөн мекендештерибиз экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен “Мекендештер” форумуна чогулушту.

ЕВРОСТАНДАРТТАГЫ ООРУКАНА КУРУЛУУСУ МҮМКҮН
Роза Отунбаеванын демилгеси менен ишке ашкан “Мекендештер” форумуна 20дан ашык өлкөдөн жүрөгү Кыргызстан деп соккон 260 жердешибиз келди. Алардын көпчүлүгү чет жерде жеке ишкердик менен алектенишет. Алгач келген конокторго Бишкекте, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда классикалык концерт тартууланып, андан соң алар 2-август күнү Ала-Арча резиденциясында “Мекендештер” форумуна чогулушту. Чогулгандардын максаты – чет жерде жүрүшсө да, Кыргызстанга кандайдыр бир пайда алып келүү.
Орусияда окуп жүргөн Адилет Шайлообек тегин Кыргыз Республикасынын Гимнин жандуу аткаруу менен форумду ачып берди. Гимн ырдалып бүткөндө Роза Отунбаевага сөз берилди. “Алыста жүргөн мекендештер чогулуп, Кыргызстандын азыркы абалын жана келечегин талкуулап, алдыга чыгууга убакыт келип жетти. Анткени Кыргызстан – баарыбыздын мекенибиз. Бул жерде биздин туугандар, келечектин муундары жашашат. Башка алдыга чыккан мамлекеттерди карасак, алардын чет жерлердеги диаспоралары мекенине чоң салым кошушкан. Бара-бара алар өнүгүп кетишти. Мен ишенем, биздин Кудай берген ыйык Кыргызстаныбыз да эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарын толуктап калат”,- деп сөзүн аяктады Роза айым.
Форумга өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов, Президенттик аппараттын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков, депутаттар жана бир канча министрлер катышты. Ачылыш аземинен кийин мекендештер Кыргызстанда туризм, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, тоо-кен бизнесин кантип өнүктүрүүгө болорун талкуулаганга үлгүрүштү. Германиядан келген кыргызстандык хирург Бакыт Көбөгөнов Германия тарап Кыргызстанга евростандартка туура келген оорукана куруп берүүгө даяр экенин айтып, чечимди кабыл алуу Кыргызстан тарапта экенин билдирди. Ушуга окшогон ар тараптуу сунуштар көп түшүп, аларды ишке ашырууга белсенишкен мекендештер ар бир 2 жыл сайын Кыргызстанга чогулууну туура көрүштү.

ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ДАГЫ БИР ЖОЛУ
“Мекендештер” форумуна келгендердин бири – Алматы шаарында жашаган Нурбек Тойчубаев. Ушул жигиттин демилгеси менен 4-август күнү Ысык-Көлдө веложүрүш болуп өттү. 4 күндүн ичинде мени абдан таң калтырган да ушул адам болду. Казакстанда жашаган бул жеке ишкер бир колунун жогуна карабастан, Алматы шаарынан Бишкекке чейин велосипед менен келип кетет экен.
Нурбек мырзанын айтымында, веложүрүштүн максаты – Кыргызстанда туризмди жана велоспортту өнүктүрүү. Веломаршка экс-президент Роза Отунбаева баш болгон 250 адам катышты. Алардын катарын атайын веломаршка келген чет элдик жарандар да толуктады. Узундугу 117 чакырымды түзгөн веломарш Балыкчы шаарынан башталып, түштүк жээктеги “Аалам-Ордо” комплексинен аяктады. Веложүрүштүн алгачкы 50 чакырымы жөн гана машыгууга арналып, катышуучулар 25 чакырым сайын эс алууга мүмкүнчүлүк алышты. Айрым катышуучулар 25 чакырымга да жетпей чарчап калып жатышса, 60 жаштын кырын ашкан Роза Отунбаева бул аралыкты эч токтоосуз алдыңкылардан болуп басып өттү.

Марага тыным албай келген Роза Исаковнаны пит-стоптон кыска кепке тартканга үлгүрдүм.

– Роза Исаковна, 25 чакырымга эч токтоосуз келдиңиз. Мунун сыры болсо керек?
– Болгон сыры, 5 жашымдан бери велосипед тебем. 60 жаштан ашсам да, ушул жашка чейин спорт менен машыгам. Ден соолугумдун чың болушунун себеби да ушул.

– Веложүрүшкө катышарыңызды көпчүлүк күтпөгөн. Айрымдардын жүзүнөн таң калуу сезимдери байкалып турду...
– Таң кала турган деле нерсе эмес. Веложүрүштүн катышуучуларына дем-күч бергим келди. Мындай жүрүштөр көп уюштурулуп турганын колдоор элем. Мына, Европа өлкөлөрүндө баары велосипед менен жүрүшөт. Унаанын майына деп акча коротушпайт. Таза абада ден соолугун да чыңдашат. Менин оюмча, велоспортту өнүктүрсөк, анда туризмдин да бир тармагы өнүгүп, экономикабызга салым кошот.

117 чакырымга созулган веломарш аяктап, 5-август күнү ушул эле форумдун алкагында жел кайык жарышы өткөрүлүп, кечинде катышуучуларга ачык асман алдында, көл жээгинде концерт көрсөтүлдү. Мындай жүрүштөр элдин колдоосуна татып, ар жыл сайын өз алдынча Кыргызстандын башка аймактарында да өткөрүлүп турмай болду.

Айдай Асанбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
amalia
2012-08-13 14:10:59
molodets
+2
nazi25
2012-08-13 15:06:00
Толкунданып кеттим.Азаматсыз Роза эже.
+2
raida
2012-08-13 20:52:24
Roza Otunbaeva menen syimyktansak bolot ! Kyrgyzdyn kyzy dep syimyk menen aita alabyz !
+1
RossiKG
2012-08-13 23:15:50
Роза эже чын журогунон оз эли жери учун журогу ооруган адам экени коптогон жакшы иштеринен корунот, рахмат сизге- иштеринизге Ийгилик, сизди жана Бабановту колдойм- иштеринерди!
0
peach
2012-08-14 09:09:25
Roza eje,kyrgyz ayaldaryna ar taraptan ulgu bolo aldynyz.bar bolunuz,kop jawanyz!
0
kg.ik
2012-08-16 03:50:39
Роза Отунбаева эжекенин аты тарыхта алтын тамга менен жазылса... Курманжан датка, Барспек, Манас,Семетей,Сейтек балбандар катары...
0
guljigit90
2012-08-19 01:39:52
башка жумуш калбай калагнсып ойлоп табышкандарын
0
hanisa
2012-09-23 15:28:11
guljigit90, sen bashka chet olkodo jawap korchu,oshondo MEKENDESHTER degendi tuwunosun
0
№ 510, 10-16-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан