Алтынай Эмилбекова, модель: «МОДЕЛДЕРДИ «КОБРА» ДЕП КОЁБУЗ»

Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 17-май
Бою – 169 см
Салмагы – 48 кг
Параметри – 86-59-92
Учурда – студент

– Алтынай, моделдиктин эмнесин жактырып, бул кесипти аркалап келесиң?
– Сыналгыдагы моделдердин басканын карап, аларды туурап басуу жоругум кичине кезимден эле бар болчу. Кийин чоңойгондо бул тармакка жол издей баштадым. “Боюң жетпейт” десе деле кайра барып жатып, акыры кабыл алышты. Негизи, мен өзүмө ишенем. Кастингдерде керек болсо бою 180 сантиметр болгон кыздардын жанына туруп алсам да, көбүнчө мени тандашат. Негизи, модель катары иштеп жатканым менен, журналисттик кесипке окуп жатам. Модель катары 30га чыккандан кийин эч кимге керегим жок болуп калат да. А журналисттик кесип түбөлүктүү.

– Биздин өлкөдө модель болуп өзүңдү багууга мүмкүнбү?
– Атам “кызым, мен силер үчүн жашап жатам. Эмне керек болсо сурай бергиле, таап берем” деп калат. Бирок мен өзүмдү өзүм камсыздап калдым. Иш жакшы болгондо 20 миң сомго чейин табам. Өзүмө жетет.

– Дүйнөлүк практикада моделдердин атаандаштыгы абдан күч. Бизде кандай?
– Бизде деле ошол. Негизинен, мушташып кетпегени менен, кыздар арасында урушуулар абдан көп. Тилдери узун. Өч алуу деген бар. Мисалы, быйыл эле “Бишкек сулуусу” сынагына катыштым. Улуттук оймо-чиймелер түшүрүлгөн көйнөк даярдагам. Чыгар алдында анын белдигин таппай калдым. А көйнөк белдиги жок жөн эле этеги кенен көйнөк болуп калат. Акыры сахнага чыгып баратып бир актёрдун бут кийиминин боосун чечип, белиме байлап алып чыктым. Кайра келсем дивандын үстүндө турат. Ким алганы белгисиз. Андай учурларда мен да бирөөнү уят кылып өчүмдү алгым келет. Бирок андай жолго бара элекмин. Моделдик агенттикте эки жыл иштеп калган кыздарды “кобра” деп коюшат. “Кобра” статусуна жеткендер кыйын да (күлүп). Башында мен деле жапа чегип калгам. Көргөзмөлөргө сунуш түшүп турса деле, “бүгүн болбой калды” деп чалышчу. Ошон үчүн баары менен жакшы мамиледе болуш керек.

– Сен да “кобрасыңбы” анан?
– Менин деле иштегениме эки жыл болуп калды. Ошондой го. Негизи, моделдер "А", "В", "С" деген категорияларга бөлүнөт. "А" – эң жогоркусу. Мен дагы жакында эле бул бийиктикти багынттым.

– Бикини менен подиумга чыга бересиңби?
– Жок, чыкпайм. Бир жолу чыгып көргөм. Ал меники эмес экен. Жан дүйнөм да жол бербейт.

– Сулуу болуунун оорчулугу көппү же жеңилдигиби?
– Сулуу болсоң, баш оору көп. 18 жашка чыксам да, көптөгөн көрө албастыктарга дуушар болдум. Бирок өзүмдүн күчүм менен баарын жеңип келем.

– Кандай жигиттер жагат?
– Мага жөнөкөй жигиттер жагат. Ырчы, таанымал дегендер жакпайт. Себеби мен өтө кызганчаакмын. Нурлан Насип менен анын "Эркелетсемби?" деген ырынын клибине тартылгандан кийин тааныш болуп калгам. Дос катары жакшы сүйлөшөм. Бир ирет “аялың үйлөнгөндөн кийин ырчылыкты ташта десе, таштайт белең?” деп сурасам, “жок” деди. Андайлар мага жакпайт.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Алтынай Эмилбекова: "Моделдерди "кобра" деп коёбуз"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
kundus
2012-08-15 04:36:18
кашы кулагына чейин жетейин деп калыптыр
+3
Aike
2012-08-18 11:40:27
kundus, Ой комментарийиниз олтурду)))Аябай каткырдым)))
0
Tatishka
2012-08-15 11:49:29
мактанчаааак го ээ
0
Ananasky
2012-08-15 13:09:36
Аябай эле мактанып алдыго ,сулуулугун деле байкабадым краска менен баары эле сулууго,
+1
kumushai
2012-08-15 13:47:12
анча сулуу эмесго, клипте аябай сулуу корунгон,...
+2
Rigina
2012-08-16 00:59:03
Нурлан экоо пара болмок экен)) азыр жаш да бул кыз, кийинчерээк токтолуп калаттыр.
0
elnurin
2012-08-16 05:39:28
realduu syilogon ozunun ishin jakshy bilgen kyiyn ele kyz eken. Azamatsyn!!
0
aidai88
2012-08-16 17:33:36
an4a dele 4ykpaptyrgo....
Klipte aiabai soonun korungon ele
0
abdewa
2012-08-17 22:51:47
ai baaai jakyndan tartpai ele koiboptursuzdar,,altynaidy fotogo tartyw kerek eken bolgondo da alystan
+1
Ruslanbek040410
2012-08-19 17:04:42
Жакшы нерсекен.
0
taalay90
2012-08-19 17:31:09
бойдок будур чыгып кетиптир биринчи насиптин клипинде коргонумдо жылдыздуу корунгон эле анча деле эмес экен и мактанчаак экен
0
taalay90
2012-08-19 17:37:33
озун мактагандан алыс бол деп айтат карындашым озунду коп мактабагын озунду бир жолу сулуу сезип албагын анча деле эмес экенсин капа болбо ачык айткан жакшы деп ойлойм
0
kanukei
2012-08-19 18:57:43
жакшынакаааймын еле дейсин бетинден андай эмес экенсин.
0
kampotik-91
2012-08-19 19:59:24
kudaidyn bergeni da,kudai kandai kylyp jaratsa da shugur kylysh kerek.maiyp kylyp jaratyp koiso ne kylmak elek anda.ugri ubakylu ketirse bolot.stilin ozgortso ele adam ozgorulot.ushundai kezde ugri 4ykpasa ka4an 4ygat anan.
0
Maha-0711
2012-08-19 21:07:40
мынча кемсинткенди жактырасынар????ачык,шайыр кыз экен.Болгонун болгондой айтыптыр,мактанса мактанчудай эле го.
0
4e-smotriw
2012-09-22 17:02:50
Ona ne prosto simpoti4naya. Bolee. KraSOTkA! Intersno duwoi kakaya? Biraz maktan4ak bolso dagy jakty, milaya ulybka upast' ne vstat').
Elnurin- tura aitat.
Janet Zinerit alypbereimbi ugrilerindi ketiret.
Ozunordun kawynar kulaka 4ein bolgondon kiyin bawkany jamandabagyla. Abdewa ostorojno koz tiyet
0
№ 510, 10-16-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан