Өткөн сандарыбыздын биринде подиумдун жылдызы болгон мырзалардын пикирин угуп, моделдик кесиптин оор-жеңил жактарын ачып берген элек. Бул ирет модель кыздар бизде конокто.
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 30-август
Бою – 170 см
Салмагы – 51 кг
Параметри – 83-61-90
Учурда – студент
– Айкөл, айтсаң, кайдан жүрүп моделдик кесипти аркалап калдың?
– Негизинен, биздин өлкөдө моделдик эми гана өнүгө баштагандыктан, аны кесип деп айтууга болбойт. Хобби катары алектенип келем. Анын үстүнө бул кесиптин өмүрү өтө кыска. Жаштыкты талап кылат. Мен бала чагымда модель эмес, модельер болууну самачумун. Бирок тагдыр ташы ушул жакка ооду көрүнөт, 19 жашымда модель болуу тилегим пайда болду. Алгач моделдик агенттикке барганымда боюм 165 сантиметр болуп албай коюшкан. Бирок мен кийин дагы 5 сантиметрге өстүм. Моделдердин арасындагы эң эле бою кыскасы мен болсом да, жакшы эле ийгиликтерди жаратып келем.
– Сырттан караганда модель болуу, албетте, суктанарлык иш. Анын кандай кыйынчылыктары бар?
– Абдан оор кесип. Мисалы, элестетиңиз, мен боюмдун кыска болгону үчүн подиумга чыкканымда дайыма такасы 14-15 сантиметрлик бут кийимдерди кием. Ага чейинки даярдыктарда да ушул эле така. Сөөгүңө чейин какшатат. Сен аны элге билдирбей, абдан ыңгайлуу болуп тургандай басып көрсөтүшүң керек. Анан да диета. Айына бир жума диета кармап турмайым бар. Андайда күнүнө эки ирет гана тамактанам, же эртең менен-түштө, же түштө-кечинде. Бир анекдот бар эмеспи, “балдар, силер кыздардын кыялында бир гана ак боз атчан жигит бар деп ойлосоңор жаңылышасыңар. Кыздардын кыялы – көп жеп, бирок толуп кетпөө” деген. Анын сыңары, даамдуу тамактарды жегенди жактырганым менен, ушинтип кээде өзүмө чек коюуга туура келет. Ал эми подиумдун сүрү өзүнчө кеп. Аны сезүү гана керек. Бой-келбетиң, көз карашың аркылуу адамдарга оюңдагыны жеткиришиң керек. Ал эми фотосессия учурунда 2-3 метр бийиктиктеги дубалдын кырында, жарда, сууда сүрөткө түшүшүң мүмкүн. Кычыраган кышта жеңил көйнөк менен сыртта фотосессиялар болот.
– Ушундай оорчулуктардын артынан өзүңө эмне пайда табасың?
– Модель болуп кыйратып деле акча таба албайсың. Өзүңдүн керегиңе жарагандай кирешеси бар. Кээде айына миң, эки миң сом же таптакыр эч нерсе жок калсам, эң көп дегенде 200 доллар табам. Бул сунуштарга байланыштуу. Бирок өзүңө болгон ишеним жакшырат, кантип кийинип, кантип басып-турууну үйрөнөсүң. Анткен менен сулуу болгонго жараша ошончолук акыл керек деп айтат элем. Себеби ар кандай азгыруулар, тийишкендер, артыңдан ушактап, көрө албагандар көп болот. Мода көргөзмөлөрүнө барганда сөзсүз жаныбызга ишеничтүү адамдарыбыздан алып албасак, тийишкендерден кутулуу кыйын. Андайлардын арасында чиновниктер да бар.
– Эл арасында “сулуулардын ичинен акылдуулар өтө аз чыгат” деген кеп бар...
– Ооба, көзгө чоң эле адам көрүнгөнү менен, ушунчалык жаш баладай кыял-жоругу бар кыздар да көп. Кылыгын көрүп айласыздан күлөсүң. Бирок мен андай эмесмин. Мага ата-энем абдан жакшы тарбия берген.
– Сулуулук сенде бар. Мисалы, интернеттеги сулуулар сынагын жеңдиң. Сулуу болуу жакшыбы же жаманбы?
– Талаш суроо. Негизи, жакшы десе болот. Адамдардын мамилеси жакшы болот. Анан да, эң башкысы, жакшы жигитке турмушка чыгып алууга мүмкүнчүлүк бар (күлүп). Коркунучтуусу, көрө албагандар көп болот.
– Жигитиң барбы?
– Талапкерлер бар. Бирок акыркы чечим чыгара элекмин. Буюрса, чечимди бир жылдан кийин чыгарып, дароо эле турмушка чыгып алсам деген ойлорум бар. Албетте, ага чейин элимдин желегин чет өлкөдө желбиретип, “Дүйнө сулуусу” сыяктуу сынактарга катышкым келет.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg