ДЕПУТАТТАН АКЧА ТАЛАП КЫЛГАН
Айылдык кеңештин депутатынан акча талап кылып, мүлкүн тартып алмакчы болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. ИИМдин 6-августта билдирген маалыматына караганда, Бишкек ШИИБинин уюшкан кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлерине коркутуп, бирөөнүн мүлкүн талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүү учурунда бул маалымат такталып, бирөөлөр депутатты үйүн, автоунаасын өрттөп салабыз деп коркутуп, акча жана автоунаасын талап кылып жатканы билинген. Өз коопсуздугунан корккон депутат рэкеттерге бир нече жолу акча берген экен. Акыркы жолкусунда алар 1000 АКШ долларын талап кылышыптыр. Милиция кызматкерлери рэкеттерди кылмыш үстүнөн кармоо планын түзүшүп, операцияга спецназ да тартылган. Операциянын жыйынтыгында Нарын облусунун 34 жаштагы А.К. аттуу тургуну кармалган. Мурун да 2 жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү деп эсептелген А.Кны кармаган учурда анын жанынан белги коюлган 300 доллар табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
СТУДЕНТ 20 КИЛОГРАММ ГЕРОИН МЕНЕН КАРМАЛДЫ
5-августта Баңгизатын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Ош шаарында 25 жаштагы Н.Ш. аттуу адамды кармашкан. Маалыматтарга караганда, кармалган адам мурун соттолгон жана студент. Аны тинтүү учурунда сумкасынан 19,901 килограмм таза героин табылган.
Ошол эле күнү аталган кызматтын кызматкерлери Бишкек шаарында Ош шаарынын 40 жаштагы тургунун кармашкан. Анын да жанындагы сумкасынан 811 грамм героин табылган. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул кылмыштарга тийиштиги бар дегендерди аныктоо, кармоо иш-чаралары жүрүп жатат.
ФЕМИДАНЫН ТАРАЗАСЫ АКЧА БЕРГЕН ТАРАПКА ООЙТ
ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери пара талап кылган деген шек менен Ноокен райондук сотунун судьясын кармашты. ИИМдин маалымат кызматынын билдиришинче, милиция кызматкерлерине “сотто каралып жаткан ишиңди оң жагына чечип берем” деп Ноокен райондук сотунун судьясы 2 миң доллар пара талап кылып жатканын билдирип Жалал-Абад облусунун тургуну арыз жазган. Иликтөө учурунда милиция кызматкерлери ушул эле судья мурун да 1000 доллар акча алганы тууралуу билишкен. 6-августта ИИМдин уюшкан кылмышка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери Башкы прокуратуранын кызматкерлери менен биргеликте өз кабинетинде 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен Ноокен райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучусун колго түшүрүшкөн. Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 313-беренеси (пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
ЫЧКЫРЫН ТАРТА АЛЫШПАЙ...
Бир күндө Бишкек шаарында зордуктоо боюнча шектелип эки киши кармалган. Бишкек шаардык ИИБинин маалымат кызматынын билдиришинче, 5-август күнү Гоголь көчөсүндөгү батирде 40-45 жаштардагы белгисиз адам күч колдонуп зордуктады деп “Дордой” жаңы конушунун тургуну арыз менен кайрылган. Милиция кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү деп 41 жаштагы жаранды кармашкан.
Ошол эле күнү милицияга Кара-Балта шаарынын тургуну кайрылып, Кара-Жыгач токойчосунда 20-25 жаштардагы белгисиз жигит күч колдонуп зордуктагандыгын билдирген. Кылмыштын изи сууй электе милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринин 24 жаштагы тургуну колго түшүрүлгөн. Учурда бул фактылар боюнча иликтөө жүрүп жатат.