"Лондон-2012" Олимпиадасына эркин күрөш боюнча аттанган балбан Магомед Мусаевдин акыркы даярдыктары Ысык-Көлдө жыйынтыкталды. Сбордо ал 8 спарринг-өнөктөш менен күн сайын күрөшүп, жеңил машыгууларды өткөрдү. Сбор кызыган 30-июлда спарринг-өнөктөштөрдүн бири – 23 жаштагы Расул Акымбаев көз жумду. Маалым болгондой, спортчунун жүрөк оорусу кармап, ошол күнкү машыгууга ойгонбой калган. Дарыгерлер ажалдан арачалап калууга жетишкен эмес.
Эске салсак, маркум акыркы жылдары эмгек резервинде машыктыруучу болуп эмгектенчү. Спорттук карьерасында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын VI спартакиадасын жеңип, Кожомкул атындагы Эл аралык мелдеште коло жана күмүш тагынган.