"Лондон-2012" Олимпиадасы сапарын карыткан сайын биздин медаль алабыз деген үмүтүбүз өчүп барат. Өкүнүчтүүсү, биз ишенген балбандар Арсен Эралиев менен Данияр Көбөнов да "салтты бузбай" жеңилип, эстафетаны кийинкилерге өткөрүп беришти. Балбандардан акыркы болуп Айсулуу Тыныбекова мелдештен четтеди. Урунттуу учурларга көз чаптырмакчыбыз.
СПОРТЧУЛАРЫБЫЗДЫН “ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ”
Ишеним арткан эки балбандын жеңилүүсү кыргыз спортуна түн түшүрүп, тоолор кулагандай болду. “Кыргыз тарыхында эки митингди баштан өткөрүп да мынчалык уят болуп, жер караган эмес” деп кейишүүдө. Балбан агаларынын "жолун жолдоп" балбан кыз Айсулуу Тыныбекова да биринчи кармашта алдырып койду. Бирок биз үчүн Олимпиада таэквондочу Расул Абдураим (10-август) менен эркин күрөш боюнча Магомед Мусаевдин (12-август) кармаштарынан кийин бүтөт. Жыйынтыгы жок Олимпиада эшигин жапкан 12 спортчу кайсы орундарды ээледи?
ФЕЛПС, БОЛТ ЖАНА УИЛЯМСТАР... БҮТПӨГӨН ЖОМОК
Майкл Фелпс. Олимпиада оюндарынын жылдыздары бул жолу да бизди укмуштуудай таң калтыра алышты. "Бээжин-2008де" 8 алтын алуу менен легендага айланган америкалык суучул Майкл Фелпс бул жолу 6 медаль менен чектелди. Башта 2 күмүш алып америкалыктарды түйшөлтүп койгону менен, артынан 4 алтынды багынтты. Муну менен ал Олимпиада оюндарынын тарыхында 18 алтын алган биринчи спортчу болуп калды. Ошондой эле 2 күмүш жана 2 колосун кошкондо, медалдардын жалпы саны боюнча Олимпиада оюндарынын тарыхында жаңы рекорд койду.
Усейн Болт. Дүйнөнүн эң күлүк мырзасы, ямайкалык Усейн Болт азырынча 100 метрликте алтын ала алды. Муну менен ал Олимпиада оюндарынын 4 жолку чемпиону болуп калды ("Бээжин-2008де" 100 метрликте, 200 метрликте жана эстафетада алтын тагынган).
Серена жана Винус Уильямстар. Теннис боюнча айымдар арасында жуптукта алтын тагынган америкалык Серена Уильямс 4-ирет Олимпиадага катышып, алгачкы жолу жекеликте да алтын тагынды. Негизи, ал жуптукта эжеси Винус Уильямс менен "Сидней-2000" жана "Бээжин-2008де" алтын алган.
АЛТЫН АЛБАЙ КАЛГАН АТАКТУУЛАР
Атактуу спорт жылдыздарынын арасында алтын алабыз деген дымак менен барып, тилектери таш капкандар да болду.
Рожер Федерер
(Швейцария, теннис)
Профессионалдык теннистин тарыхында эң титулдуу теннисчи аталган Рожер 4 ирет Олимпиада оюндарына катышып, "Бээжин-2008де" жуптукта алтын тагынган. Жекеликте бул жолу анын жолуна британиялык теннисчи Энди Маррей бөгөт койду.
Мария Шарапова
(Орусия, теннис)
Маша "Лондон-2012де" Олимпиада оюндарында дебют жасады. Орус туугандар анын эсебине эчак алтын жазып коюшкан эле. Баары ойдогудай келгени менен, финалда ал элдешкис атаандашы Серена Уильямска алдырып койду. Күмүш...
Елена Исинбаева
(Орусия, шыргый менен секирүү)
Шыргый менен секирүү боюнча бир катар дүйнөлүк рекорддордун ээси, 2 жолку Олимпиада чемпиону Елена Исинбаеванын Лондонго болгон сапары өтө маанилүү эле. Ал Олимпиада оюндарына 3-алтын эле эмес, жаңы рекорд жаратуу үчүн да келген. Бирок мелдешти башынан эле катачылык менен баштап алган Елена 4,80 метр бийиктикти ашып түшө албай, коло тагынууга аргасыз болду. Бул жерде алтын америкалык Женнифер Сюрга буюрса, күмүштү кубалык Ярислей Сильва эңип кетти.
ОСКАР ПИСТОРИУС
"Лондон-2012де" ТАРдын 25 жаштагы жөө күлүгү Оскар Писториус элди таң калтыра алды. 11 айында тубаса дарттын айынан эки бутун тизесинен кестирип, протез менен жүргөн Оскар 400 метрлик жарышта жарым финалга чыгып, 23-орунду ээледи. Анын буга чейин Паралимпиада оюндарында (мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулардын оюну) 4 ирет чемпион болгонун билебиз.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg