Жаным Айзат: «ПРОДЮСЕРИМДЕН КЕТТИМ»

– Кандай, Айзат? Сени көрбөгөнүмө көп болуп калды. Аябай өзгөрүп кетиптирсиң...
– Бир күнү эртең менен туруп эле стилимди өзгөрткүм келди. Балким, жаңы жашоого аттанганы турганымданбы же чоңойгонумдун белгисиби, айтор, сиз көрүп тургандай, өзгөрүп алдым. Курбуларым “бул стилиң менен улуу көрүнүп калат экенсиң, мурдагы эле Айзатты кайтарчы” деп жатышат. Бирок өзүмө азыркы Айзат жакты.

– Жаңы жашоо дегениңе түшүнбөй калдым...
– Быйыл колума дипломумду алгандан кийин магистратураны Германиядан улантууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эки жылга Германияга кетип жатам. Билет да алып койдум.

– Ырчылыкты токтотосуңбу?
– Ырчылыкты токтоткум келбейт. Германиядан деле ыр жаздырып турам деп жатам. Бирок ал жакта жашоо кандай болот, ким билет? Бирок кеткиче бир ыр жаздырып, угармандарга таштап кетейин деп чуркап жүрөм.

– Продюсериң менен иштешпей калганыңды уктук.Өзүң чуркаган оор болсо керек?
– Ооба, продюсеримден кеттим. Себеби Тынчтыкбек Кожобеков шоу чөйрөдөгү кызматын жыйыштырбадыбы. Аны менен иштешпей калганда мен да шоудон четтей түштүм, эмне кыларымды билбей. Чынында, мурда "ырды кайдан алып, кантип жаздырам?" деген нерселерге башым ооручу эмес. Ушуларды эптей албай да жүрбөдүмбү.

– Байкашымча, сен шоу-бизнесте өзүнчө эле жүрө бергендердин катарындасың...
– Аны жашырбайм. Чынында, мен жалгыз жүргөндү жакшы көрөм. Шоу-бизнестегилер менен саламым түз болгону менен, апамдан башка адамдарга ишенбейм. Апама деле ичимде болгон нерселердин баарын төгүп-чачпайм. Көп сырым ичимде калат.

– Көпчүлүк ырчылар окууну сырттан окуп, чыгармачылыкты биринчи планга чыгарышат го. Сен андайлардан эмес окшойсуң?
– Мен өмүр бою эле окуйт окшойм. Албетте, муну менен ырчылыкты экинчи планга жылдырам дебейм.

– "Буга чейин жигит менен сүйлөшкөн эмесмин" деп келесиң. Немис улутундагы жигиттерден чабам деп жүргөнсүң го...
– Жигиттер менен сүйлөшүп калсам эле, “сен кичинекей кыздайсың, мүнөзүң да башкача” дей беришет. Балким, ошондон улам ушуга чейин жүрөгүмдүн ээсин таба элек болсом керек. Бирок немис жигитине турмушка чыгам деген планым жок. Кыргыздын эле жигити буюрса экен дейм.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
melkom
2012-08-13 11:03:10
Ушул айзаттын кайсы ыры бар популярный
-2
GER
2012-08-13 11:30:45
Чынында эле мурунку Айзат жакшынакай болчу) Азыркы Айзат жакпады=D
-2
Dinai95
2012-08-13 13:19:07
Окууларынызга ийгилик анан да сизден махабат алеясындай ырларды кутуп калабыз
+2
raida
2012-08-13 16:06:52
ushu nemisti chanyp jatkandar keleeri menen nemis jigit tapchu ele.(tamasha)Okuna iegilik ,biz jakta oku oor jakshylap dajardan ,betti bojongongo ubaktyn jok bolot,okuga jasanyp bargandan dele ujalyp kalasyn.
-3
ZarinaSM
2012-08-13 17:40:09
Айзада чындыгында аябай жонокой жана акылдуу кыз!
+2
kumushai
2012-08-13 18:00:48
Айзат мага жагат негедир хит болгон ырын укбасам деле... азыркы стили чота анча жакбады.. Асель аттуу модель кызга окшоп калыптыр...
-1
aidai88
2012-08-13 22:05:24
uwu kyzdyn atyn ele ugam,birda yryn ukpaptyrmyn je ozun korbopturmun. Dagy kebetesi kantet?
-1
adilet_3234
2012-08-13 22:21:56
ай ай ушул кызды абдан жактырам да, ишине ийгилик
+1
adilet_3234
2012-08-13 22:25:13
Башка кыздардын баарынан интервю алганда суротун кошосунар да неге Айзаттыкын койбодунар, телефонума жуктоп алайын дегем
-1
AGAT
2012-08-14 09:56:21
adilet_3234, кошуп койдук.
-1
Kg_boy3239
2012-08-14 07:52:44
кандай ырлары бар
-1
izzy
2012-08-14 20:08:40
Aizat sexy bolup klaypsyn go...
+1
Baian
2012-08-14 20:54:34
Jonokoi jana tatynakai kyz!iigilik saga!
+1
sabirdinovich
2012-08-17 00:19:56
Начар, начар, начар...
-1
kany.
2012-08-18 22:49:56
сулуу кыз, окуна ийгилик...
0
good5like
2012-08-19 10:26:22
maga stili jakty ,'Voina za brak' degen kinodogu baw roldogu kyzga okwop kalyptyr!
0
№ 510, 10-16-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан