Акыркы күндөрү куудул Талант Анарбаев интернеттин активдүү колдонуучусуна айланып, түнкү саат 2ге чейин "агенттен" чыкпай калды. Анан да "Бешиликтин" бир куудулу Эрнис Бөрүбаев менен блог аркылуу уруша берет. Муну окуган интернет колдонуучулар "Эрнис Бөрүбаев менен Талант Анарбаев урушуп жатат" деген сөздөрдү чыгара башташты. Бирок бул тууралуу Талант мырза бизге байланышып, анын аты менен башка адам катталып, билдирүү жазып жатканын жана ал эч бир социалдык тармакта катталбаганын айтты.