Куудул Борончу бир туруп мончо иштетип, бир туруп президент болом деп, айтор, жөн отурбаган адам. Эми дагы бир ишкерликти баштаптыр. Дегенибиз, жай айларында элдин баары үй куруу менен алектенгенин эске алып, сезондон пайдаланып кыргыздын кооз оймо-чиймелери чегилген стол, стул, эшик, тепкич жасай турган ишкана ачыптыр. Эми кардарларынын санын өстүрүү аракетинде жүрүп Борончу колунан көөрү төгүлгөн уста болуп кетип, элди күлдүргөндү унутуп калбаса эле болду.