2007-жылы “Көк жал” аттуу долбоордо жылдыздар бокстошуп, Эрмек Нурбаев чемпион болгону эсиңиздеби? Мындай спорттук мелдешти улап, чемпион Эрмек Нурбаев быйыл сентябрдын аягында Бишкекте кармашып урушуу боюнча атактуулар арасында мелдеш өткөрөм дейт. Бул идея КРнын Кармашып урушуу федерациясынын колдоосуна арзыды. Мелдешке “тамашоучулар”, чыгармачыл чөйрөдө төбөсү көрүнгөн жылдыздар катышат. Башкы максат, “тонкий” адамдарды спортко тартуу экенин билдик.
P.S. 1 ыр жаздырып коюп катышам демей жок. Атактуулар гана кабыл алынат.