ОТУНБАЕВА & БАБАНОВ. ТАНДЕМ БОЛУШУ МҮМКҮНБҮ?

"Роза Отунбаева менен Өмүрбек Бабанов бирикти" деген кептер Ак үй тарапта талкуулана баштады. Күздөгү, андан аркы саясий күрөштөргө чогуу барышары айтылууда. Мындай тандем бекем болуп, калктын ишенимине ээ боло алабы? Серепчилер эмне дейт, байкап көрөлү.

Табылды Акеров,
серепчи:
– Отунбаева менен Бабановдун биригип, саясатка аралашуусу үчүн Бабанов коомдо өзүнө жакшы пикир жаратышы керек. Мисалы, Келдибековго окшоп тырышып, митингдерди уюштурбай премьерликтен кетип, рейтингин бир калыпта кармап турса жана парламенттик, башка шайлоолорго чыгууга мүмкүнчүлүк жаралса гана Отунбаева Бабанов менен биригип чыгышы мүмкүн. Андай учурда Бабановдун мурунку саясий имиджи бир топ тоскоол болот. Көп чатактарды, буюртма материалдарды чыгарат. Ал өз кезегинде Отунбаеванын рейтингине терс таасир этет.
Экинчиден, “Отунбаева менен Бабанов биригип жатат” деген сөздөрдү “бабановчулар” өздөрү деле чыгарышы мүмкүн. Бабанов саясий маалымат талаасында өтө бекем, акчанын күчү менен бир катар маалымат булактарын өзүнө каратып алган. Өзүнүн аналитикалык тобу бар. ММКларга чыккан саясатчылардын, эксперттердин ар бир билдирүүлөрүн ошол аналитикалык топ изилдеп, анан аларга каршы контр ыкмаларды ойлоп табышат. Башка саясатчылардын биринде да мындай аналитикалык топ жок. Отунбаева-Бабанов тандеми да ошондой ыкмалардын бири болуп калышы мүмкүн. Себеби Отунбаева дүйнөдө да аты белгилүү, Кыргызстанда да таасир берүүчү инсан. Бабановду ага жалгаштырып, рейтингин кармап туруу максаты болушу да мүмкүн.
Эмне үчүн чет элдеги кыргыздар “Мекендештер” жана “Замандаш” болуп бөлүнүп калышты? Муну Отунбаеванын максаты, Бабановго сырттагы бардык кыргыздарды бириктирип, ошолордун добушун алып берүү болуп, “Замандаш” партиясы буга каршы болуп өзүнчө калды деп жорууга да болот.
Отунбаева-Бабанов Убактылуу өкмөттүн тушунда Кыргызстандагы бүтүндөй сарууларды бириктирүү аракетин көрүшкөн. Экөө тең саруу. Мындайча айтканда, ошол кезде эле президенттикке Бабановду алып чыгуу аракети каралган.

Турат Акимов,
серепчи:
– Мындай тандем эч кандай колдоого ээ боло албайт. Бул экөөнүн биригиши – жөн эле айтылып жаткан сөз. Отунбаеванын бүгүн Бабановду колдоп, алдыга жетелеп кетишине ишенбейм. Бабанов арызданышы мүмкүн, “эже, биз тил табыша албай калдык, тигиндей, мындай” деп. Ал эми Бабанов бүгүн кызматтан түшсө эмне болот? Көп болсо оппозициялык маанайга өтүп же өзүн келечектеги президент катары жарыялап, Адахан Мадумаров сыяктуу бир-эки жылдап үгүттөө жасап жүрө берет.
Менимче, Бабанов-Отунбаева тандеминин түзүлүшүнө эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Бул экөө бири-бирине кандай жардам бере алмак эле? Отунбаева өзү президент болуп турган убакта эмне иш жасап кыйратты?

Айылчы Сарыбаев,
серепчи:
– Мен Бабановду саясатчы эмес, бизнеси үчүн саясатта жүргөн киши деп эсептейм. Ал Отунбаева менен биригеби же Отунбаева аны менен биригеби, бул алардын жеке иши. Алардын канчалык деңгээлде мамлекеттин саясатына таасир эте алары чоң суроо. Себеби жакшыбы-жаманбы, Отунбаева өткөөл учурда тынчтык жолу менен президент шайлоого мүмкүнчүлүк берди. Ал өз миссиясын аткарып бүттү. Эми өлкө үчүн экс-президент катары салымын кошо берет деп ойлойм. Бабанов, албетте, өкмөт башчы бойдон калууга аракет кылат, акчасын жумшайбы, күч органдарын жумшайбы... Бабановго каршы да өлкөдө толтура прогрессивдүү күчтөр бар, жаштар, андан да күчтүү өзүбүздүн саясатчылар бар. Мындан трагедия кылыштын кереги жок. Эгерде Бабанов өкмөт башчы катары “өлкөнү өнүктүрдүм, коррупцияны жойдум, элдин турмушу оңолуп кетти” деп өзүнө ишене алса, мындан ары да жакшы иштей аларын далилдей алса, каршылык жок. Азырынча көзгө көрүнө турган эч бир иш бүтүрө элек. Отунбаева экөөнүн биригип, алдыдагы күрөштөргө чогуу чыгышы – бүдөмүк нерсе. Булардын кол кармашып кетерине анча деле ишене бербейм.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
RossiKG
2012-08-13 12:07:45
Тандем болсо толук бойдон колдойм, экко тен Патриот оз Элиин-Жерин суйгон адамдар экенин жумуштары менен корсотуп жатышат! (сразу айтып коеюн эчи кимисин тааныбаймын-жон эле Кыргызстан учун жакшы иштеп жатышат ошон учун колдойм!)
+2
Argymak
2012-08-13 13:31:09
Алдыда кандай кундор бар бир жараткан алла билет.
Коро жатаарбыз кимиси болсо да.
Эл учун кызмат кылып коюшу керек да.
Акчанын баары ушуларда го.
+1
Jildizka
2012-08-13 16:27:20
Ай эмне болсо боло берсин чондорубуз. Бир гана эли-жерибизди, келечекти, тынчтыкты, токчулукту, молчулукту орнотушса эле болду.
+1
ulukbekkg...
2012-08-13 21:04:05
эгер так шайлоо болсо экоо да утулуп калышы анык!!!!!! булар кг аймактарына бирдей карабайт элдин суймончулугуно ишенимине ээ болуу учурда ото кыйын!!!!!
0
maks1010
2012-08-13 21:51:14
Кыргызстанга жаны, малы менен акчасы менен кызмат кыла турган адамдар керек биздин атка минерлер чачкан акчасын ордун толтура албай убара коробуз куздо
0
Ananasky
2012-08-14 13:29:08
Тандем болсо деле оздоруно иштешет Эл учун жан дили менен иштеген эч ким жок бизде баары оздорун ойлошот.
0
Debi
2012-08-14 15:18:21
Ишене албай турам, ушак болсо керек.
+1
ulutbek
2012-08-15 00:14:39
Мекеним мейкин,кундун нуру тогулгон.Бийлигинде офиристер коп жургон.Жыргатат анын ,кыйратат бунун деп.Элибиз дайым ушак менен кун коргон.
+1
timan86
2012-08-16 22:59:39
Ушул Чондордун баары менден сабак алышса жакшы болмок эле неге дегенде мен Кыргызтаныбыз кантип жакырчылыктан чыгып кетишинин жолун уйротмокмун бул Чондор озунун чонтогун ойлогондон башка элдин турмушун ойлобой калды бир кун силердагы кетесинерго байкуштар Акаев Бакиев Атамбаев болуп ошол жакта Аш басып жееп олтурасынарда анан Онегдоттогудай болуп
0
Debi
2012-08-17 12:04:59
Роза эжебиздин кадыр-баркы өзүнүкү эле жакшы эмеспи. Окушума караганда Бабанов менен мурдатан эле бир тарап турбайбы. Анан бул сөздүн чыгышынын маани-жөнү куру эле болуп жаткансыйт.
0
№ 510, 10-16-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан