Бир бүркүм... БЫЙЫЛ ЖАҢЫ 20 МЕКТЕП ИШКЕ БЕРИЛЕТ...
Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдиргендей, быйыл Кыргызстанда жаңы 20 мектеп ишке берилет.
Мурат Суталиновдун карындашы Гүлзар Суталинова Жогорку Сотко талапкер катары сынактын 3-туруна өттү.
Ош облусу боюнча 2011-жылдын Рамазан айында битир-садага үчүн 600 миң сомдой акча чогулганын облус казысы Ниязалы ажы Арипов билдирди.
Ош шаарындагы Сулайман тоого ушул жылдын 6 айында 43 миң турист келип кеткендигин “Сулайман тоо” тарыхый-археологиялык музей-комплексинин директору Абдраим Тургунбаев билдирди.
“Бишкек шаарындагы жаңы аялдамаларды орнотууга бюджеттен бир да сом кеткен жок”,- деди шаар башчысы Иса Өмүркулов.
Өзбекстандын калкынын саны 2012-жылдын 1-июлуна карата 29 миллион 735 миң адамдан ашканын бул өлкөнүн Мамлекеттик статистикалык комитети маалымдады.
20-августка чейин автоунаа салыгын төлөбөгөндөргө 2000 сомдон айып салына турганын Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү Камалдин Халилов эскертти.
7 айда ички дүң продукция 5 пайызга төмөндөгөнүн Улуттук статистика комитети кабарлады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.