БАБАНОВ МЕНЕН ОТУНБАЕВА КҮЗГҮ КҮРӨШКӨ БИРГЕ БАРЫШАТ ӨҢДҮҮ

Өкмөттүн отставкага кетер-кетпес маселеси саясий чөйрөнү эле эмес, жалпы Кыргызстанды эки топко бөлүп таштады. “Өкмөткө дагы убакыт керек” дегендердин саны күндөн-күнгө азайып баратса, “Министрлер кабинетин отставкага кетирүү керек, иштеп кыйратышкан жок” дегендердин саны арбып барат. Мына ушундай учурда экс-президент Роза Отунбаева кыргыздын чет өлкөлөрдө бир топ ийгиликтерге жеткен тың чыкма уул-кыздарын чогултуп, “Мекендештер” форумун өткөрдү. Трибуналарда айтылган жалындуу сөздөргө карап жыйынтык чыгарсак, алар Кыргызстандын эртеңин талкуулап, эмне жардам кыла ала тургандыктарын сүйлөшүштү. Бул эми калың калкка көрүнгөн тарабы. Бирок бул форумга саясий башка түс бергендер да болууда.
“Роза Отунбаева менен Өмүрбек Бабанов күздө боло турган саясий күрөшкө, андан кийинки президенттик күрөштөргө билек түрө киришти. Мекендештерди бекеринен чогултушкан жок. Экс-президент Өмүрбек Бабановго кыргыздын чет жерлердеги уул-кыздарынын колдоосун алып берүүгө аракет кылып жатат” деген ой жорумдар пайда болду.Бул ойлор бекеринен жаралбады. Эсиңиздерге сала кетели.
Бакиевдин заманындагы парламенттик шайлоодо КСДП өтүп, ошондо Өмүрбек Бабановдун паспортуна байланыштуу чыр чыккан. Тактап айтканда, кош жарандуулукка байланыштуу. Ал чырдан Өмүрбек мырза таза чыкканы менен, колунан бир жылмышып кеткен мандатты кайра албай, өз ордун Роза Отунбаевага бошотуп берген эле.
Кийин Апрель революциясы болуп, Бакиев бийликтен куулуп, Отунбаева Убактылуу өкмөттүн башына келди. Алдыда дагы парламенттик шайлоо. Ошол маалда “Отунбаева жаңы партия түзгөнү жатыптыр, аталышы “Республика” болот экен” деген шыбыштар журналисттер чөйрөсүн бир каптаган. Ооба, “Республика” деген партия түзүлдү. Бирок анын түзүүчүсү Отунбаева эмес, Бабанов болуп калды. Кийинчерээк Роза айым президенттикти өткөрүп бергенде жаңы өкмөт куралды да, экс-президенттин басма сөз катчысы болуп жүргөн Султан Каназаров жаңы премьердин канатынын алдына өттү.
Мына ушуга окшогон окуялар “Отунбаева менен Бабанов бир командада” деген ойго жетелейт. Бул биригүүдөн сасык саясат издөө туура эмес болор эле. Эртең Алмазбек Атамбаев менен Камчыбек Ташиев же болбосо Алмазбек Атамбаев менен Мелис Мырзакматов биригип, иштешип калышса деле таң калуунун кереги жок. Анткени саясат ушундай кызык дүйнө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
messi.kg
2012-08-16 21:16:11
ээ булар эч теке кылбайт отунбаева кимдерге жолукту экен мага жолукпаптыр да не кылып кыйратыптыр кыргызстанды туготтунор го кыргызстанды ДАЙТЕ ЖИТЬ НАРОДУ,РУКИ ПРОЧЬ ОТ НАРОДА!!!
0
№ 510, 10-16-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан