“Быйыл да, кийинки жылы да электр энергиясына болгон баалар кымбаттабайт”,- деп билдирди премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Өкмөттүн кеңешмесинде өкмөт башчы: “ММКларда электр энергиясынын баасынын кымбатташы жана мезгилдүү өчүрүүлөр боло тургандыгы тууралуу маалыматтар айтылууда. Мен Энергетика министрлигинен туура эмес маалыматтарды таратканды токтотууну талап кылам. Бааларды өкмөт чечет. Эгерде ким буга макул болбосо, арызыңарды жазгыла да, андан кийин өз көз карашыңарды каалагандай айта бергиле”,- деди. Энергетика жана өндүрүш министри Аскарбек Шадиевге “сиз туура эмес маалымат тараткандан көрө кышка даярдык көрүңүз. Күздө, кышта былтыркыдай өчүрүүлөр болбосун” деген тапшырма жүктөдү.