Каржы министри Акылбек Жапаров пенсияга чыгып, бирок мамлекеттик кызматта иштеп жаткан жарандардын айлыгын же пенсиясын 50 пайызга чейин кыскартууну сунуштоодо. “Азыркы учурда ар кайсы мыйзамдарга таянып эрте эле пенсияга чыгып алгандар көп. Биз алардын айлыгын 50 пайызга чейин кыскартып, бара-бара контракттык негизге өтүшүбүз керек. Негизи, өлкөдө азыр экономикалык абал оор. Социалдык жөлөк пулдарды карап, туура бөлүштүрүп чыгышыбыз керек”,- дейт министр.
Айла кеткенде эми казынадагы акчаны үнөмдөөнүн ушундай жолун да караштыра баштадык. Укук коргоочулар Акылбек мырзанын мындай сунушуна жообун көп күттүрүшкөн жок. “Мындай чечим менен биз жарандардын укугун бузабыз, болбойт” деген пикирлер басымдуу болду. Өткөндө “Ата Мекен” партиясы өкмөттү “улам бир толук иштелип чыкпаган чийки демилгелери менен тажатты” деген таризде сындаган эле. Бул сунуш да ошол “чийки демилгелердин” катарынан орун ала турган окшоп калды.