СУТАЛИНОВ 10 АЙ ДАРЫЛАНЫШЫ КЕРЕК ЭКЕН

Кандуу Апрель окуясынын башкы күнөөкөрлөрүнүн бири катары айыпталып жаткан Мурат Суталинов дагы 10 ай дарылануудан өтүшү керек. Мындай билдирүүнү 7-апрель боюнча өткөн соттук отурумда судья Дамир Оңолбеков билдирди. Анын айтымында, Суталиновго онкологиялык оорукана ушундай күбөлөндүрмө берген. Демек, бир жыл ичинде анын сот иштерин калтырбай келип сурак бериши арсар.
Негизи, бул экс-чиновник колго илингенден бери кыйратып деле суракка алына элек. Адегенде үй камагына чыгып кутулса, кийин “ден соолугу начар” деп ооруканага жаткырылган. Андан соң операция жасалып, оң бөйрөгүн алдыргандыгы айтылган. 10 айдын ичинде эмне иштер болуп кетерин ким билет?.. Адатта, бизде айыпталып жаткан мамлекеттик жетекчилерди жана алардын жакындарын чет жерлерге качырып жиберүү ушундай сценарийде өтчү эле. Алыс кетпей Акмат Бакиевдин мисалын келтирсек эле жетиштүү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ulutbek
2012-08-13 23:35:07
оюн,кадимки эле оюн.Суталинов 1 жылдын ичинде эле араккеч болуп кесе анда жылбаган жери жылып кетмек.баягы эле оюн!
0
Kg_boy3239
2012-08-16 19:00:46
кантип еле сот болгондоеле булар ооруп калышат баары эле эч тушунбойм.сопсоо эле камалышатта анан камаларда оорусу кармап калат.калпычылар десе
0
№ 510, 10-16-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан