“Канча убакыттан бери шоу-бизнес тармагында жүрөм, артымдан ээрчиген бир дагы жаман ушак кепти уга элекмин. Ал адамдын өзүнөн” дейт ырчы, ди-джей Нурзада Жолдошова. Ал бизге чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу кеп куруп берди.
– Кандайсың, Нурзада, сени сахнадан көрбөй, радиодон укпай калдык...
– Ооба, акыркы кездери ооруп жүрөм. Негизи, радиодо иштеген кулакка зыянын тийгизет экен. Жакында эле айылдагы үйдө той бергенбиз. Ошого барганда кулагым катуу ооруп, онтоп эле жатып калдым. Туугандарымдын баары менин өтө эркелигимди эске алып, “ооруган деле жоксуң, жөн эле эркелеп жатасың” деп ишенишпейт. Ыйлап жатып дарыгерлерге барсам, “кулактын тарсылдагына доо кеткен” деп коркутушту. Бирок акыры дарыласа болорун, укпай калуу коркунучу жок экендиги далилденип, он күн ооруканага жатып чыктым. Эфирге мурдагыдан азыраак чыгып калганымдын себеби да ошол. Кулактын ооруганы ырчылыкка да терс таасирин тийгизип жатат. Үнүмдү катуу чыгарсам эле бир кулагымдын ичи жарылып кетчүдөй сезилет. Ырдай албайт экенсиң.
– Жаман болуптур. Эми эмне болор экен?
– Ооруканада жатып, ден соолук жанга батып турганда “башка тармакка кетем, ырчылыкты да, ди-джейликти да таштайм, даңк-дүңк деген музыкалардан алыстайм” деген чечим чыгаргам. Бирок акырындан ден соолук ордуна келе баштагандан тартып кайра бул оюмдан кайттым.
– Башка чөйрө болгондо каякка?
– Менин өзүмдүн кесибим журналист да. Ошол тармакта деле кетсем болот же илим жолуна түшүп кетүү мүмкүнчүлүгүм деле бар.
– Ырчылык тармагында жакшы эле аракет кылып келесиң. Бирок элдин эсинде көпкө чейин сакталып, хитке айланган ырыңды уга албадык...
– Бул да туура. “Бардык нерсе өз учуру менен болсо, ал түбөлүктүү болот” деп коёт эмеспи. Андыктан күн сайын жаңы ыр жаздырып, жан талашып аны хитке айлантыш керек деген ой менде жок. Бир чөйрөдө жүрө берүүдөн тажап кетем. Шоу чөйрөсүндөгү кээ бир адамдардын жүрүм-турумун көрүп, ырдагым да келбей кетет. Талантым бар деп айта алам. Бирок талантка көбүрөөк эмгек жумшаш керек. Ырчылык мага тайларым тараптан өткөн. Айтылуу Улукмырза Полотов менин бир тууган таякем болот. “Башыңа консо бак, бага бил сак” дейт, азыркы бактымды кармап калуу мага жетиштүү.
Менин сөз көтөрө албаган жайым да бар. Жакшы сөздү үнүн катуураак чыгарып, башкача тон менен айтып койсо деле ыйлап калам. А популярдуу болуш үчүн мындай мүнөз эч жарабайт.
– Мисалы, кандай сөзгө ыйлашың мүмкүн?
– Жакында эле досторумдун бири “Нурзада, сен аябай көтөрүлүп кетипсиң, бир аз ылдый түш” деп айтты. Бул сөз менин сөөгүмө жеткендей болду.
– Бул жылдыз оорусунун “симптомдору” эмеспи?
– Эми пенде болгондон кийин андай болушу да мүмкүн деп ойлодум. Ошол сөздү уккандан бери өзүмдү аябай катуу көзөмөлдөп жатам.
– Минтип жан дүйнө согушу болуп турганда ким менен сыр бөлүшөсүң?
– Курбуларыма, эжелериме айтпаган сырларымды апама айтам. Эч бир жанга айтпаган сырларым да бар. Менин мүнөзүм ушундай, сүйлөгөнгө караганда көбүрөөк ойлоном. Жанымда жүргөндөр “зеригип кеттим” деп көп айтышат. “Нурзада, сүйлөсөң боло” дей беришет. “Радиодо кантип сүйлөйсүң?” деп да таң калышат. Бул мүнөзүм кичине кезимде эле бар болчу экен. Сүйлөбөй, өзүм менен өзүм жүрө берчү экенмин. Анткен менен чечкиндүүмүн.
– Дагы кандай мүнөздөрдүн ээсисиң?
– Тамашакөймүн, таарынчаакмын, ачуум абдан чукул, эркемин. Дагы-дагы көп сапаттарым бар. Айта берсе бүтпөйт.
– Эркелик сапатыңа кичине токтоло кетсек...
– Ха-ха... Кичине кезимде абдан эрке болуптурмун, 7 бир туугандын эң кичүүсүмүн да. 4 эжем, 2 байкем бар. Бирөө жиниме тийип койсо эле босогого чуркап барып отура калып, үйдө болгон бут кийимдин баарын сыртка ташып ыргытып салчу экенмин. Үйдөгүлөр да ошол кылыгымды көп айтышат.
– Азырчы, азыр бирөө жиниңе тийсе эмне кыласың?
– Жок, азыр жиним келсе, бир сыйра ыйлап алышым мүмкүн. Абдан жашыкмын. Бирок жашымды эч кимге көрсөтпөй, жалгыз отуруп ыйлаганды жактырам. Анан да музыканы катуу чыгарып алып болушунча жыргап бийлеп алам. Кээде курбуларымды үйгө чакырам.
– Жигитиңчи?
– Жигитпи? Жигитим жок да.
– Качан анан турмушка?
– Шаштыргандар көп. Бирок бул өтө жоопкерчиликтүү нерсе. Ага олуттуу көңүл бурам. “Тагдыр таразасы өтө кылдат, өтө так, бирөөнүн пейилине берет бак” деп коёт эмеспи. Эми окурмандар дагы мени бул сөз менен жакшы түшүнүшөт болуш керек, бак базарында отурган чагым.
– Жакшы экен, кардарлар көппү анан?
– Эми базар болгондон кийин кардар сөзсүз түрдө болот да. Эң татыктуусуна, маңдайга жазганына туш болсом экен деген тилегим бар. Ал кардарлардын баарын сынап көргөнгө убактым дагы жок, эң татыктуусун күтүп отурам. Балким, мен сулуулукту көздөн эмес, сөздөн издеп жаткандырмын.
– Сени кесиптештериңдин арасында Чыңгыз Мырзаевге жабыштырып коюшчу дешет...
– Мен жумушка келгенде эле Чыңгыз байкени көрүп, өзүмдүн бир тууган байкеме аябай окшоштургам. Байкем катары жакшы көрөм. Эми кесиптеш болгондон кийин эфирге чогуу чыгып калчубуз, түштөнүүгө чогуу барып же бир иштер менен бир жакка чогуу кетчүбүз, ошону тамашага салып айткандар болсо керек да. Чыңгыз байке экөөбүздүн ортобуздагы бир туугандык мамиле түбөлүктүү деп ойлойм.
– Ушул күнгө чейин башыңа чоң сүйүү келди беле?
– Жүрөгүмдү жарадар кылып кеткен сүйүү болгон эмес. “Жакшы адам сүйгөндү билет” деп коюшат. “Мен эмне, жаман адаммынбы?” деп өзүмө суроо берип коём. Бирок мен сүйүүнү да “контролдой” билем. Анткен менен жактыруу сезимдери болгон. Түбөлүктүү болуш үчүн жүрөктү угуу керек.
– Жанды койбогон күйөрмандар да көп болсо керек...
– Мен коркунучтуу адамдарды чөйрөмө жолотпойм. “Карындаш, чай ичип келбейлиби?” деген күйөрмандар көп эле. Анын ичинде жаш балдар да бар, улуу, үй-бүлөлүү байкелер да, чиновниктер да бар. Бирок андайларга мен тамашага салып эле “жеңем менен келсеңиз барам” деп кутулам. Жубайын ээрчитип келип, мени сыйлап кеткен күйөрмандар да бар. Жумушка белегин көтөрүп келгендери да болот. Бир жолу Коён жылын тосуп жатканда, 31-декабрда бир күйөрманым тирүү коёндорун алып келиптир. Аны бир нече күн үйдө багып, анан айылга берип жибергем. Дагы бирөөсү бар эле, күн сайын жумуштан кийин сыртка чыксаң, гүлүн көтөрүп күтүп турган болот. Тажаганымдан акырында катуу айтып кутулгам. Азыр да кээде кат жазып таштап кетет.
– Турмуштан өз ордуңду табууңа тилектешпиз, бар бол.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg