11-августта Москва районунун Эфирное айылынын 21 жаштагы тургуну Мерседес үлгүсүндөгү автоунаасы менен келе жатып Беловодское айылынан 65 жаштагы жергиликтүү тургунду тепсеп кеткен. Болжол менен кечки саат ондордо кырсыктын кесепетинен улам жөө жүргүнчү аймактык ооруканада каза болгон. Автоунаа айып аянтчасына токтотулуп, иликтөө жүрүп жатат.