ЭҢ СЕКСУАЛДУУ АЙЫМ

– Анжелика, «Супердин» сайтындагы тандоодо сени “кыргыздын эң сексуалдуу айымы” деп табышты. Мындай жыйынтык болорун күттүң беле?
– Чынын айтсам, жеңүүчү болуу мындай турсун, бул сынак жүрүп жатканын да уккан эмес элем. Редакциядан чалып куттукташканда ишене берген жокмун. Анан өзүм “Супердин” сайтына кирип карагандан кийин гана ишендим.
– Бул жаңылык жагымдуу болсо керек...
– Кантип эле жагымдуу болбой койсун?! Сексуалдуулук аялзатынын да, мырзалардын да баалуу сапаттарынын бири эмеспи.
– А сахналаш мырзалардын арасынан кимди сексуалдуу деп эсептейсиң?
– Ырчы Эрмек Маматовдун үнү, жылмайганы, келбети сексуалдуу.
– Кайсы фирманын косметикасын колдоносуң?
– “Guerlain”, ”Ланком”. Негизи, “жалаң эле бир фирманын товарын колдонуу керек” дегенден алысмын. Териге жакса болду.
– Косметика менен сулуулук салонго жалпы алганда айына канча акча коротосуң?
– Мурун сулуулук салондорго көп эле каражат сарптачумун. Өзүм салон ачкандан кийин маникюр, педикюр, косметолог дегендердин кызматынан кеңири пайдалана баштадым.
– Кол сумкаңда дайыма жүрүүчү нерселер эмнелер?
– Уюлдук телефон, помада, нымдуу салфетка.
– Жеке пикириңде кандай аялзаты сексуалдуу?
– Аз да болсо өзүнө караган айымдарды айтар элем. Анан сексуалдуу десе эле төштү, бутту жарым жылаңачтап албай, тескерисинче, табит менен кийинип, эркектердин көзүнө сырдуу көрүнгөн айымдар сексуалдуу болсо керек.
– Келбетти бир калыпта кармоо үчүн диета кармайсыңбы?
– Кудай ден соолукту берип жатканда өзүн аябай кыйнап арыктайм дештин кереги жок. Болгону, тамак жегенге жараша кыймыл да көп болушу зарыл. Мисалы, мага бийлөө, спорт менен машыгуу, шайдооттук гана жетиштүү.
– Дайыма көргөндөрдүн көзүн сүйүнткөн ушул келбетиңден жазба!

Шаиста Шатманова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Akoga
2021-04-22 18:03:39
Тобоо ушул кантип сексуалдуу айым болсун. Чүрөктөрдү көргөн белеңер. Бойонбогон, жасанбаган кумардуу айымдарды.бүл аларыңа шоона эшпейтко. Жээ эч теке көрбөгөндөрдүн көргөнү куурусун болуп жатабы.
-1
NARBAEB82
2021-04-29 12:15:44
эрди байак алмаштыргандай алмаштырса ошода
0
№ 336, 10-16-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан