Адатта биз дүйнөлүк желедеги ар кандай социалдык түйүндөрдү өзүбүздүн ой-толгообузду, каалоо-пикирлерибизди, окуяга болгон көз карашыбызды эркин жазып калтырган тармак катары колдонобуз. Ал түйүндөрдө атактуулар да бар. Айрым дүйнө атактуулары социалдык түйүндөрдөн айтышып, кийинчерээк ал чоң чырга айланып кеткенин көрүп эле жүрөбүз. Буга Филипп Киркоров менен Тиматинин чыры далил. Ал "оору" эми бизге жеткенби, айтор, жакында эле баш кошушкан мушкер Алмазбек Раимкулов менен шоу-вумен Ассоль Молдокматова твиттер баракчасында Кыргыз патенттин экс-башчысы Улан Мелисбек менен кайым айтышып жатканын байкап калдык. Бул чырдан улам Улан Мелисбек керектүү документтерин чогултуп, Алмазбек Раимкуловду сотко бергенин да айтат. Анда жогорудагы кайым айтышуунун айрым үзүндүлөрүн келтирмекчибиз.
Assol_M: – Көпчүлүк америкалыктар ушунчалык жалгыз. Ошондуктан сүйүүлөрүн жаныбарларга жумшашат. Кээ бирлердин 3-4төн иттери бар.
beshtash: – Ушул да жашообу?
Ulan Melisbek: – Кичинекей өлкөнүн жашоочусуна чоң мамлекеттин өзгөчөлүгүн түшүнүү кыйын.
DitzyBallerina: – Бул Ассолдун гана ою. Ал эми америкалыктар каалагандай жашашат жана Ассолдун айткан оюна кошулбайм.
Ulan Melisbek: – DitzyBallerina, туура айтасың. Ошондуктан Ассолго бул жакта көбүрөөк жашасаң билесиң демекчимин. Үстүртөн чечим чыгаруудан абайла.
R_Almazbek: – Баарыңарга эскертем! Оюңарды жазууда түшүнүп жазгыла. Ассоль менен болгон туура эмес мамилеңер же туура эмес кат жазышканыңар өзүңөр үчүн жаман бүтүп калат!
Ulan Melisbek: – Алмазбек, бул жер эркин майдан, ошон үчүн сен Ассолго болушпа. Ассолдун АКШ жөнүндө айткандарына мен макул эмесмин.
Ulan Melisbek: – Алмазбек, сен таарынба, бирок мен Ассоль менен сенин жубайың катары эмес, жалпы коомчулукка белгилүү ишмер катары маектешип жатам.
R_Almazbek: – Улан М, сенин нааразычылыгың болсо, өздүк баракчама жаз!
Assol_M: – Сен кимсиң, тыңчы Улан Мелисбек?! Давай, до свидания! Ulan Melisbek: – Кичинекей мамлекетте жашаган инилерин жакшы көргөн америкалыктар да бар. Бирок жаныбарлар адамдан корккон өлкөдө (Кыргызстан – ред.) жашаган адамга бул нерсени түшүнүү кыйын.
Assol_M: – Улан Мелисбек, коркок, кечээ менин күйөөмө чалып, көзүн жашытып "баарын түшүндүрүп берем" деп жалдырады. Шым кийип жүргөндөн кийин өзүңдү татыктуу алып жүргөндү бил!
Ulan Melisbek: – Алмазбекти ортобуздагы чырга аралаштырганың – сенин жеткен кара ниеттүүлүгүң. Эгер ушундай болсо, мага кулак сал, Кикимора!
Assol_M: – Сөзүңө жооп бересиң!
R_Almazbek: – Мен сени кайдан болсо да табам! Ошондо эркекче көзүмө карап жубайыма айткан сөздөрүңдү кайталаарыңды көрөбүз! "Млин", көгүштөрдү жактырбайм!
Ulan Melisbek: – Гомокеңешчи түшүнүгү тар, көрө албас, ксенофоб (чет өлкөлүктөрдү улутуна, динине, расалык тиешелүүлүгүнө карап басмырлоо, аларды жек көрүү – ред.) өзү билген баалуулуктарга гана ишенип жашайт.
Assol_M: – “KG club” клубунун өкүлдөрү мага бекеринен "саясий катын Мелисбек менен байланышпа" деп айтпаптыр. Чындап эле долу экен.
Ulan Melisbek: – Эмне эле баарыңар сарсанаа болуп, мага кабатырланып жатасыңар?! Же чындап эле мага зомбулук көрсөтөрүнө ишенип жатасыңарбы?! Анда мени жакшы билбейт экенсиңер.
Ал эми бул трагикомедияга айланган Ассоль Молдокматова менен Алмазбек Раимкуловдун “Түрксойла Ипекйолу” журналынын негиздөөчүсү Сейфуллах Түрксой менен болгон айтышы. Кошумчалай кетсек, Ассолдун айтымында, ушул журнал аны "Борбордук Азиянын мыкты кутюрьеси" деп тапкан.
Seyfulahturksoy: – Сүйүктүү (sevgili) Ассоль, кандайсың? “Түрксойла Ипекйолу” журналынын жаңы саны Бишкекке жиберилди, Асиеден алып алсаң болот. Баарына салам...
Assol_M: – Минтип жазганыңызды токтотуңуз! Антпесеңиз, менин күйөөм менен сүйлөшүп каласыз!
Eva_Alli: – Ассоль, мушкер күйөөңүз менен коркутуу туура эмес деп ойлойм. Оппонентиңиз менен диалог жүргүзүүнү билиңиз.
R_Almazbek: – Seyfulahturksoy, менин жубайыма "сүйүктүү" же "сагындым" деп жазганыңызды токтотуңуз! Минтип жубайына, анан сүйүктүүсүнө гана кайрылат!
R_Almazbek: – Кулак сал, сен эмне менин жубайым менен минтип жазышып жатасың?!
Seyfulahturksoy: – Менин орусчам жаман. Ассоль мени түшүнбөй калды.
UlanMelisbek: – Сейфуллах мырза, Кыргызстандын атынан кечирим сурайм. Кыргызстандагы ийгиликтериңиз үчүн рахмат айтабыз.
Seyfulahturksoy: – Рахмат, тууган, кыргыз эли биздин жаныбыз жана каныбыз!
Жогоруда атактуулардын кайым айтышуусунун урунттуу учурлары гана берилди. Ал эми толук версиясын биз айтпай, сиз укпай эле коюңуз, окурман. Кыргызга аттын кашкасындай белгилүү инсандардын минтип болбогон нерсеге урушканына бир чети уялат экенсиң. Же баягы эле "атың чыкпаса жер өрттө" аракетиби, түшүнбөйсүң. Cоңунда иштин чоо-жайын билүү үчүн мушкер Алмазбек Раимкуловго кайрылып, “баары жакшы. Сүйлөшүп алдык. Бири-бирибизден кечирим сурап” деген жооп алдык. Ошондой эле болсун.