Учурдагы президент шайлоого барабы же барбайбы? Ким ага татыктуу атаандаш боло алат? Ажо Башмыйзам ага шайлоого барууга жол берерин гана кыйытып айтып, шайлоого барарын же барбасын ачык айтпай жатат. Үчүнчү мөөнөткө барбасын гана жар салып келүүдө. Бул ирет жакынкы келечекте саясый айдыңда Кыргызстанды эмнелер күтөрү тууралуу кеп кылабыз.
Президенттин моралдык милдети жөнүндө
“Президенттин башкы моралдык милдети – кийинки президентке өлкөнү өзү кабыл алган акыбалдан жакшы акыбалда өткөрүп берүү болуп эсептелет. Кийинки президент ким болбосун, 2001-2005-жылдар ичиндеги өлкөбүздүн акыбалына салыштырмалуу эми саясый жактан стабилдүү, жаңыланууга даяр мамлекетти кабыл алат”. Жогоруда келтирилген сөздөр ажобуздун “Өлкөнүн жаңылануу багыты” тууралуу кайрылуусунан алынган үзүндү. Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү чыныгы акыбалына анча төп келбеген кайрылуу. Ажо ыңкылаптан кийин эл алдында берген убадаларын аткарбады. Бийликтин аброю күн санап түшүп жатат. Анткени элибиздин жумушка жөндөмдүү бөлүгүн жумушсуздук менен жакырчылык өлкөдөн сүрүп чыгарып, Орусия менен Казакстандын базарларында, талаа-түздөрүндө иштөөгө мажбур кылып, элдин бийликке болгон ишеничин жоготуп жатат. Учурда АКШ, Орусия катышкан тышкы саясый интригалардын аркасы менен Кремлден келе жаткан 2 миллиард долларды пайдаланып, өлкөнү оор абалдан чыгарып оңдойбуз деп жатышат. Чынында, ал акчанын келиши менен эле өлкөбүз кыйын кезеңден чыгып, гүлдөп-өнүгүп кетпейт. Тескерисинче, мамлекетибиз жөн гана саясый оюндардын ортосунда калары анык.
“Мен президент болмокмун...”
Кыргызстандын мурунку Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу, баягы эле чуулуу доктор Кубаныч Апас өзүлөрүнүн президенттик шайлоого барарын билдиришти. Коомчулук “качан оппозициядан бир талапкер чыгат?” деп чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Талапкерлердин саны ондон ашышы мүмкүн. А балким, жыйырмага жетер. Бирок баары ишенип, күтүп жаткан салмактуу талапкерлер президенттик ат салышуудан баш тартканын билдиришти. Алар экс-премьер-министр Феликс Кулов жана кыргыз оппозициясынын эң абройлуу, салмактуу лидери Өмүрбек Текебаев.
“Ата Мекендин” лидери президенттик шайлоолор туурасында: “Шайлоо адилеттүү өтсө, К.Бакиевдин жеңишке жетишүүгө эч мүмкүнчүлүгү жок. Ал шайлоону бурмалоо жана криминалдык, административдик ресурстарды пайдалануу менен гана жеңишке жетише алат”, - деп билдирет.
Шайлоого дагы кимдер барышы мүмкүн?
Кыргызстанда чыныгы абройлуу коомдук ишмер, лидер адамдар саналуу гана. Бириккен оппозиция болсо бийликтин макулдашуу саясатына өзү эле барбадыбы. Андан сырткары, кыргыз оппозициясынын көпчүлүк өкүлдөрү ортодогу бир чийинден тышкаркы турмушту билишпейт. Борбордон алыс чыга алышпайт. Эч кимиси өлкөнүн чыныгы лидери, журт атасы болууга татыктуу эмес.
Президенттикке болжолдуу талапкерлердин ичинен дүйнөгө белгилүү нарколог-доктор Жеңишбек Назаралиевди да айтса болот. Бул инсан 2005-жылдагы “Жоогазын ыңкылабынын” башкы идеологдорунун бири болуп, төрт жыл мурунку президенттик шайлоодо өз талапкерлигин коюп, бирок ошол кездеги кырдаалды курчутуп жибербейин деп талапкерлигин алып койгону эсибизде.
Доктор Ж.Назаралиев – көп кырдуу фигура. Өз оюн тайманбай айтканы үчүн аны көпчүлүк “Азиянын Уго Чавеси” деп аташат. Бирок анын айланасына өлкө ичинен да, сыртынан да таасирдүү адамдарды чогултса, ал адам кыргыз элитасынын арасында гана эмес, бүтүндөй Орто Азия аймагында көп бурулуштарды жасамак. Кыргыз саясый элитасынын көпчүлүк борпоң, жүүнү бош, чаначтай семиз өкүлдөрүнө салыштырмалуу бул адам темпераменттүү, чымыр денелүү спортчу (дзюдо боюнча спорт чебери). Журт башы болуу үчүн мындай көрсөткүчтөр да өтө маанилүү. Акыркы кездерде эл аралык саясый аренада пайда болгон В.Путин, Д.Медведев, Н.Саркози жана Б.Обама сыяктуу харизмалуу, эрктүү өкүлдөрдүн катарына кирет. Азыркы коомчулукту каржы каатчылыгы, моралдык чарчоо кыйнап турган кезде өлкөгө Ж.Назаралиевдей күчтүү, эрктүү, алдыга карай гана умтулган эл башчысы керек.
Андан сырткары, бул адам азыркы оор заманда кыргыз элинин кыялын орундатчу инсан. Акыркы 20 жыл ичинде мамлекетибизди эл аралык деңгээлде даңазалап, алдыга сүрөгөн ийгиликтүү бизнесмен жана дүйнөгө таанымал адам. Ал жакырчылыкты жеңүү үчүн ар бир үйбүлөгө жүз миң сомдон бөлүп, чакан бизнести өнүктүрүү жолун сунуштап келет. Мындай жөрөлгөгө Орусия, Сауд Аравия, Кытай, Индия жана башка мамлекеттер көмөктөшмөк. Азыр өлкө кирешеси жылына болгону 2-3 миллиардды түзсө, жогоруда сунуш кылынган жол аркылуу киреше 350 миллиардга чейин өсмөк. Тагыраак айтканда, жүз эсе өсмөк.
Кыргызстандын ички саясый-социалдык акыбалына токтолсок, доктор Назаралиев эч качан сыртта калган эмес. Бийлик адамдарынан эч ким менен байланышы жок, кландык биригүүлөрдү жек көрөт. Андан сырткары, ал А.Акаев режимин жана азыркы бийликтин режимин ачык сындап келет. Бийликти ачык сындаш азыркы кезде көрүнгөндүн эле колунан келе бербейт. Көз карандысыздык менен эркиндикти сүйүүчү жана “элдин духу” болгон бул адамды жаштар, элдин калың катмары ээрчийт. Жогорудагы сапаттар элибиздин менталитети, коому үчүн өтө керектүү, зарыл сапаттар. Анткени убагында А.Акаев башка мамлекеттер алдында алсыздыгын көрсөтсө, азыркы ажо Кремлдин алдында баш ийип жатат. Кыргыз эли чыдап-чыдап, анан бир күнү аттанат да, өзүнө туура келбеген башчысын тактан шыпырып түшөт. Тарыхта ар дайым ушундай болгон...
Азырынча доктор Назаралиев президенттикке ат салышарын айта элек. Бирок “ал адам шайлоого барбайт” деп да эч ким айта албайт. Анын айтуусу боюнча, кыргыз эли бийликти ыңкылап жолу менен кетирүү жолун башынан өткөргөн. Ошондуктан эл азыркыдай шартта жашагысы келбейт жана каалабайт!
Эгер президенттик шайлоо бурмалоо жолу менен өтсө өлкөнү эмне күтөт? Жаңы ыңкылаптын болушу мүмкүнбү? Көпчүлүк адистер, тилекке каршы, жаңы төңкөрүш болуп кетиши мүмкүн экенин айтышат. А экинчи ыңкылапты, саясый-социалдык кыйынчылыкты кыргыз эли, өлкө көтөрө албайт.
Ибрагим Рустамбек
www.312kg.ru
Которуп даярдаган Залкар Карабалаев
koom@super.kg