Турсунбай Бакир уулу, ЖКнын депутаты: «УУЛУМДАН ЭМЕС, МЕНДЕН ӨЧ АЛЫШПАЙБЫ?!»

Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу милиция кызматкерлери баласын бейкүнөө сабап, 11 миң доллар акчасын тартып алганын айтып чыкты.

«АТА, СИЗГЕ АЙТПАЙЫН ДЕГЕМ, БОЛБОДУ»
«Уулум үй-бүлөсүн Ошко таксиге салып жиберип, өзү кайтып келатканда машинасы бузулуп калат. Уста чакырып, күтүп турса, жанына милициянын машинасы келип токтоп, орган кызматкерлери документ сурашыптыр. Документин көрсөтсө, «бул фальшивка!» деп колун кишендеп коюшат. Унааны тинтишкенинен «акыңар жок» десе, каткырып күлүп, «именно» ушундай машина издөөдө эле, акыбыз бар!» дептир. Анан уулумду участкага алып келип, башына пакет кийгизип сабап, кыйнашыптыр. Уулум «ата, сизге айтпайын дедим эле, бирок мыйзамдуу чечкенге болбой жатат» деп телефон чалды»,- дейт эл өкүлү.

МИЛИЦИЯ БАШКАЧА СҮЙЛӨЙТ
Окуяга катышкан опертоптун өкүлү Каныбек Эгамбердиев таптакыр башка версияны айтууда. 11инен 12-августка караган түнү унаа уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшүп, издөөгө чыгышат. Кызыл-Кыяда айнектери караңгылатылган Мерседести шектүү деп текшермекчи болушат. Унаадан бир эркек чыгып, унааны эмненин негизинде карап жатышканын түшүндүрүүнү талап кылат. Милиция кызматкерлери документтерин көрсөткөндө депутаттын уулу алардын бирин уруп жиберет. Ушундан кийин аны кишендеп, участкалык бөлүмгө алпарышат. Бул адам Баткен облустук прокуратурасынын кызматкери Каныбек Бакиров экени аныкталат. Унаадан эч кандай 11 миң доллар акча тонолбогондугун айтат милиция өкүлү.

Окуяга байланыштуу биз Турсунбай Бакир уулун кыскача кепке тарттык.

– Турсунбай мырза, уулуңуздун бейкүнөө жабыр тартканын айттыңыз. ИИМ «чатакты депутаттын уулу баштаган» дейт. Депутаттык ишмердигиңизге байланыштуу атайын буюртма болушу мүмкүнбү?
– Чатакты уулум баштап, аларга кол көтөрдү деген жалган. Биринчиден, уулум арык жигит. Мектепте окуп жүргөндө автоунаанын астында калып, спорт менен да машыккан жок. Колу кишенделүү болсо, төрт автоматчан милицияга күчү кантип жетсин?! Экинчиден, наркологиялык экспертизага бир эмес, эки жолу алып барышса, врачтар «канында спирт ичимдиги, наркотикалык зат жок» деп корутунду чыгарыптыр. Үчүнчүдөн, Баткендин калкы аз, уулумду, анын унаасын баары эле тааныйт. Милициянын «сени тааныбаппыз, ушундай унаа издөөдө эле» дегени – жомок!
Мен бул окуяны өкмөттү отставкага кетсин деген кагазга кол койгонум, ИИМди катуу сындаганым менен байланыштырып жаткам. Бирок Кадамжай районунун тургуну Юлдашев Камалидиндин мага жөнөткөн СМСи баарын өз ордуна койду!
Ал «ажы аке, былтыр Кызыл-Кыя милициялары аялымды зордуктап, балдарымды токмоктоп, кылмыш ишин козгоп мени абдан кыйнашты. Сизге да кайрылгам, колдоочулары күчтүү экен, депутаттык катыңыздан кийин деле бул ишти басып коюшту» дейт. Милициялардын аты-жөнүн сурасам, ошол эле уулум келтирген фамилиялар жүрөт. Тобо, эркек болушса уулумдан өч албай, менден алышпайбы?!

– «Жанындагы 11 миң доллар акчасын тартып алышыптыр» деп жатасыз, бул эмне болгон акча экен?
– Окуядан 4-5 күн мурда «ата, Бишкекте Мерстердин баасы канча болуп жатыптыр, билип бериңизчи?» деп сураган. Баасын айтсам, «жок, өзүбүздө түзүгүрөөк экен, кардар чыгып жатат, сатам» деген болчу. Мүмкүн, ошол акчадыр...

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
Buma
2012-08-22 05:57:09
menimche bizdin milisiyalardyn kolunan myndai ish jon ele kelet. Chynyn aitkanda KGnin Militsiyalary offisialduu turdogu ele karakchylardai elestetem. je alar el aldynda abroyun ketirip alyshkanby, aitor men oz kozum menen korgom. Univerge bara jatsam, 2 mititseikijler 1 kishini alyp kirip jatyshkan. men propiskaga kirsem iii bayagy kishini ekoolop jerge jakyryp alyp buttary menen ayban4a tepkilep jatyshyptyr. tashboorlor, oshondon kiyin isheni4im takkyr tarady!!!
0
kipchak
2012-08-22 14:22:51
Biyliktin kysym korsotup "jon jurgunun" degeni go kyiazy.
0
Jurnalist.kg
2012-08-22 17:55:56
Ал эми ички саясатын чыры да ортого ар кимди аралаштыра беришет. Акыркы кундору ички саясатын чыры аябай кучоду
0
ulukbekkg...
2012-08-23 00:04:21
каныбек дегени чоон эле адам шок жургону анык кеп 2004чу жылдары да алар жонундо кызык окуялар болгон к.кияда. ал жакта баары эле билет каныбек ким экенин мен бакир уулунун созуно кошулбайм каныбектин да!!!!!! ажы адам экенин урматтайм бирок ички иштер кызматкерлери каныбекти жон жай кармабайт!!!!
0
ulukbekkg...
2012-08-23 00:06:15
а бакир уулунун менден оч албайбы дегени курук кеп!!!!!!!
0
U.Sarane
2012-08-23 15:07:01
Байкебиздин уулуна бир кудай гана кубоо экен да.
0
Nasikat_
2012-08-23 15:15:06
Бир кана Баткенде мындай укук бузуулар болуп жаткан жок. Бишкек деле кыйратып оз элин коргомок тугул кордоп жатат. Карапайым элдин канын ичкенден башка эч нерсе бильбейт. Ачкасынан тоок урдагандарга 3-жылдан кем эмес жаза жазса, адам сабап олтургондорду акчага эркиндигин сатып жатпайбы. Мен Турсунбай аганын ар-бир созуно ишенем. Ал жалгыз Кудайга баш ийген, ички дуйносу таза адам. Кудай жазасын жакшыраак беруучу. Агайга сабырдуулук кнан каалайм. Ал эми биздин "органда" иштегендер АМАН эле болсун
0
ulukbekkg...
2012-08-23 22:26:15
Nasikat_, эгер сен айткандай болгондо каныбек биринчи кармалмак!!!! ал ички иштер кызматкерлерин бир звонок менен форманды чечип коем дегендерден болот билбесен жаза бербе бул жерде кеп баласыда болуп атат!!!!!!!!
0
Batken
2012-08-24 12:23:43
Men Bakir uulun jakyndAn bilem oto kichi peyil jakwy adam dAyim jardam bergenge wawat taanybagan adamga da ichinde kiri jok adilettuu
0
tuigan.
2012-08-24 14:49:50
бул киши коп суйлоп атып эле актанып кетет айалдар менен айтышкандан кийин иштин буткону да
0
guzi90
2012-08-25 02:46:59
Каныбекти мен жакшы тааныйм мен ага жардамчы б.п иштеп 3айлыкты ана берем мына берем деп дайынын таптырбай кеткен эжемден карыз алып эртеге бере коем деп,бензин саткан аялдардан карыз алып теги эле койчу канча адамды сызга олтургузуп кеткен мисалы аны далилдей алам эгер мага келсе. Анда бардовый опел айдачу. Аллах бар алган акчасын элге кайтарбаса аны кудай ошонтип эле алдырып коет!ТЕН ДУЙНО дейт ошого!
+2
Aza_boy
2012-08-25 16:44:04
атасынын обройуна копкон бал да,милиция м-н жакшы эле суйлошуп койсо болмок.милиция да заказ м-н кармаган да.шамал болбой теректин башы кыймылдабайт.
0
zakirov.mirbek
2012-08-25 20:08:08
Турсунбек Бакир уулу биздин жогорку кенештеги эн таза адам башкасынан дагы даараты менен журот алдабашы мумкун аа балсын ким билиптир сизден сураныч жогору кенештеги эврейлерге намаз жонундо катуу кенеш берсениз жакшы болмок.......
-1
fanat.kg
2012-08-26 12:18:03
менимче менттердин айтканы чынго, депутаттын баласымын деп...
0
bekten
2012-08-26 23:53:22
Чындыгында бул баланы мен көргөн эмесмин, 2008 жылдары бул бала Алай районунун прокуратурасында иштеген.Ошол убакта бул бала түндөсү көчөдө балдар мн кайым айтышып аларга керкеңдеп балдардан токмок жеген анан милиция чакырып балдар качып кетип түндөсү жолдо кетип жаткан менин бир таанышым жаш баланы кармап аны уруп токмоктоп больницага жатып чыккан.Бакир уулунун баласы ал балыны күнөөнү мойнуна алдыр
0
bekten
2012-08-27 00:04:03
Бакир уулунун баласы ал баланы күнөөнү мойнуна алдырып сен камаласың болбосо 50 000 сом берсең чыгасың деп ал баладан 50 000 сом алган.Мен Турсунбай Бакир уулунун таза инсан катары чыгаан саясатчы катары жакшы сыйлайм жана ал киши тууралуу ойум түз, бирок Бакир уулунун баласын айтсам анын кылгандары элдин баары билет ал кандай адам экенин, ал бала просто атасынын бетине көө жаап атат.
0
№ 511, 17-23-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан