Эл оозуна алынып жүргөн адамдардын жеке жашоосу тууралуу канча жазбайлы кээ бир нерселери жашыруун сандыкта кала берет. Ал сандыкты ачуу биртуугандардын колунан келери бышык. Гүлнур Сатылганова тууралуу сыр сандыкты бизге Кайыпберди аттуу иниси ачып бермекчи.
Сатылгановдор:
Замира 5 баланын апасы, Бишкекте жашайт.
Нурхан 2 баланын апасы, Бишкекте жашайт.
Акберди 4 баланын атасы, Бишкектин тургуну.
Мухтар 5 баланын атасы, Токтогулда жашайт.
Амангелди 8 баланын атасы, Бишкектин тургуну.
Гүлнур 1 баланын апасы, Бишкекте жашайт.
Венера 1 баланын апасы, Бишкекте жашайт.
Кайыпберди 2 баланын атасы, Бишкекте жашайт.
Аман 2 баланын атасы, Бишкекте жашайт.
– Кайыпберди, саламатсызбы? Айтсаңыз, жалпы кыргыз элинин сыймыгы болгон инсандын биртууганы болуу кандай?
– Ой, бул сөз менен жеткизе алгыс сыймык. Биртууганың менен эл сыймыктанып ага суктанып турса, кантип биртуугандары анын намысына шек келтиребиз... Дайыма аны уят кылбай, анын моюнунда отуруп албай өз күчүбүз менен иштегенге аракет кылабыз. Анын үстүнө мен да анча-мынча эл оозуна алынып, ырдап жүрөм.
– Анда сиз да чыгармачыл адам турбайсызбы?
– Ооба, бир нече ырым радиодон кетип жатат. Бир канча жолу теледен да ырдап чыккам. Учурда Бишкектеги кафелердин биринде ырдап эмгектенем. Ыр дүйнөсүнө жакын адам болгондуктан, ырчылар менен тыгыз байланыштамын. Үнүмө ашык болгондор Гүлнурдун иниси экенимди билгенден кийин мени эки эсе сыйлап калышат.
– Ырчы болом десеңиз Гүлнур эже жардам берип жатса керек...
– Ал дайыма эле “жардам берем, давай, чык” деп калат. Бирок чоң сахнага чыга турган болсом Сатылганов болбой атым менен чыгам. Себеби Гүлнурдун атына жамынып чыккым келбейт. Анын мага кылган жакшылыктарына эле ыраазымын.
– Сизге кандай жардам берди?
– Башка майда-чүйдөлөрүн айтпаганда, эң башкысы, үй алып берип жыргатты. Кафеде иштегеним менен тапкан акчам күнүмдүк чыгашадан артпай келген.
– Биртуугандарга тегиз карайбы?
– Албетте, эч качан бирин экинчисинен артык көрбөйт. Негизи, үйбүлөдө кыз болгон жакшы экен. Алар эркектерге караганда күйүмдүү келишет эмеспи.
– Биртуугандардын көпчүлүгү Бишкекте турат экенсиздер. Айтайын дегеним, тез-тез кездешип турасыздарбы?
– Чынында, кээде бир-эки айга чейин көрүшпөй калабыз. Бардыгыбыз эле күнүмдүк тиричилик менен алекпиз. Анын үстүнө Гүлнурду кармаш да кыйын. Себеби анын жумуштары абдан көп.
– Жубайыңызга кандай кайнеже?
– Бизде «кайын журт» деген түшүнүк жок. Гүлнур мени кандай жакшы көрсө, менин жубайымды да ошондой көрөт. Ал эми келинчегим Гүлнур үчүн керек болсо жанын берип коюуга даяр.
«Кошуналарды калыс кылып шайлачу»
– Биз кичине кезибизден эле Гүлнурдун катуу тартиби менен чоңойдук. Кичинесинен эле анын жан дүйнөсү ырга жакын эле. Уюштургуч да болчу. Өзүнүн таланты менен биздин көчөбүздү кармаган атаман да кыз эле. Көчөлөр арасында болчу сынакты өзү уюштуруп, интермедияларды ойлоп таап, ага ылайык ролдорду бөлүштүрүп, кимден кийин ким чыгарын тактап, тартипке да көз салчу. Айткандарын так аткарбагандарды экинчи катыштырбай коё турган. Гулнурдун мындай кыялын билгендер тапшырмаларды жоокерлердей так аткарыша турган. Атайын калыстар тобунун мүчөлөрү кылып байкелерибиздин досторун, кошуна кемпирлерди шайлап, аларды тегерете отургузуп, термоско чай дайындап берер эле. Алар командаларга татыктуу бааларын коюшчу. Мындай сынактан дайыма биздин көчө жеңишке жетип, кийинки сынакка даярдана баштачубуз. Сынакта биринчи номер саламдашуу, андан кийин бири-бирине белек бермей салтка айланган. Белекке 50 тыйындан чогултуп, альбом, карандаш сыяктууларды сатып алчу элек. Атаандаштарыбыз утулгандарына чычалашып биз берген белектерди тытып, сындырып салган күндөр да болгон. Сынак болгон күнү айылдагы улуу-кичүүнүн бардыгы чогулуп, өздөрүнүн көчөсү үчүн жан тартып турушчу. Жадакалса жөн гана өтүп бараткан машиналар да токтоп, ичиндегилер кызыгуу менен карап калыша турган.
«Иним Гүлнурду аялым деп...»
– Улуу эже-агаларыбыз окууга, аскерге кетип үйдө Гүлнур, Венера, мен анан кичүү инибиз Аман болуп калдык. Гүлнур кичүү иним менен, мен Венера менен эки-экиден бөлүнүп алып үй оюнун ойнойбуз. Венера экөөбүз Гүлнур менен Амандын үйүнө кызыгып ичибиз күйө берчү. Бир күнү Гүлнурдун “бар, тигилерди конокко чакырып кел!” деп Аманга айтып жатканын угуп калдым. Ошол күндөрдү көз алдыман өткөрсөм, Аман анда 3-4 эле жашта экен. Ал бизге келип “силерди конокко чакырып жатат” десе, Венера “ким?!” деп сурап жатпайбы! Анда Аман “аялым!” деп жиберди. Сөздөрүбүздү угуп турган Гүлнур:“А-ай, эмне дейт?!”- деп үйүнөн атып чыкты. Биз болсо боорубуз эзилгиче каткырдык.
«Гүлнурдан Венера аябай коркчу»
– Венера, мен, Аман үчөөбүз бала бакчага барып жүргөн мезгилде Гүлнур мектепке барып калган. Мектептен мугалим эмнени үйрөтсө, үйгө келгенден кийин бизге ошону окутчу. Окубай сүйлөшүп отуруп калсак, баштан ары чаап-чаап жиберчү. Венера айткандай, бизди уруп-согуп эле коркутуп алчу. Эң кызыгы, Венера апабызга такыр даттанып барчу эмес. Жадакалса апам да Венерага: “Сен Гүкүдөн корккондой менден коркпойсуң!” - деп чычалап калчу эле. Ал эми Аман экөөбүз бир аз сабак окумуш болуп, тажаганда “апама айтам” деп качып кетчүбүз.
«Биздин ырларды кошуналар суранып укчу»
– Кийин мектепти аяктагандан кийин төртөөбүз тең Бишкекке келип Көк-Жар айылында жашап калдык. Ал эми Гүлнур Искусство институтунда окуп, ошол жактын жатаканасында жашачу. Үйгө алтынчы, дем алыш күндөрү гана келет. Кеч курун төртөөбүз эки гитаранын коштоосунда квартет болуп созолонто ырдайбыз. Гүлнур үндөрүбүздү 1-үн, 2-үн, 3-үн, 4-үн деп бөлүштүрүп коёт. Ошондо биздин ырдаганыбызды кошуналар кадимкидей эле күтүп угушчу. Күндүз жолугуп калганда “бүгүн да ырдайсыңарбы?” деп, “жок” десек суранып калышчу.
«Бир жолу дискотекада...»
– Көк-Жарда жашап жүргөндө төртөөбүз бир жолу айылдын клубуна дискотекага барып калдык. Ал айылга жаңы келгендиктен, бизди жергиликтүү жаштар кабыл албай, бой көтөрүп жатышканы байкалып жатты. Ошол кезде мода болгон “брейк” бийин мен чимирилте бийлеп, Гүлнур, Венера, Аман мени сүрөп ынтымактуу бийлеп жатканыбыз тигилердин кыжырын ого бетер келтирди. Аягында мен алар менен мушташа кеттим. Биз мушташып жатсак Гүлнур: “Не трогайте, он же маленький!”-деп кечке чыркырай берди. Ал жерден улуураак балдар арачага түшүп, анан бизди үйгө чейин узатып коюшту. Үйгө келгенден кийин Гүлнурга “эмне эле мени “маленький” деп кыйкырып жаттың?!” десем, ал да камырабай “эмне, чоңоюп калдың беле?!” деп күйгүзгөн.
Гүлнур жөнүндө тамчы кызыктар...
Гүлмира Турманбетова
star@super.kg