13-августта Лондондо XXX Олимпиада оюндары салтанаттуу түрдө жыйынтыкталды. Кыргызстандын атынан акыркы болуп күрөш жүргүзгөн таэквондочу Расул Абдураим биринчи айлампада эле мелдештен учуп кетти. Ал эми балбан Магомед Мусаев эркин күрөш боюнча 2 атаандашын жеңип, 7-орунду ээледи. Бүгүн биз спортчуларды эмес, Олимпиада оюндарында көргөзгөн жыйынтыктарыбызды талкуулайбыз.
БИРИНЧИ ШАРТ КЕРЕК
Чынында, 4 жылда бир өтүүчү Олимпиада оюндары өлкөлөр ортосундагы жарыш эмес, бул алардын 4 жылдык спорттук отчёту жана аброю. «Бээжин-2008де» 2 медаль алганыбызды эске алсак, бул жолу чоң жоготууга тушуктук. «Чүчү кулакта жолубуз болгон жок, атаандаш күчтүү» деп кадимки спорт сүйүүчүлөрү айтса, бул тармакта иш алпаргандар төмөнкү жагдайларга токтолушат:
Калктын саны жана спорттук мектептер. Мисалга Кытайды алсак, ал жакта калктын жана спортчулардын саны көп. Мелдештерге миң спортчунун ичинен бирден тандап жиберишет. Биздикилер ондуктун ичинен гана (жүз десек калп болуп калат) тандалат.
Өлкө жана каражат. Өнүккөн өлкөлөрдүн спортчулары бардык шарттар, спорттук жабдуулар, машыгуу залдары менен камсыз. Аларга, болгону, машыгуу гана калат. Жеңиш үчүн да чоң акчаларды коёт. Бизде жеңиштерге мурункуга салыштырмалуу көп акча каралганы менен, алдын ала даярдык, шарт түзүп берүү маселелери чечиле элек.
Моралдык жана физикалык даярдык. Ийгилик жаратуу үчүн чет өлкөлөргө сборлорго барыш керек. Бул жолу биздикилердин сбору өлкө аймагында эле болду. Анан да моралдык жактан алып карасак, «Лондон-2012» башталарда балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова сот иши боюнча канча чуркаганы эсиңиздедир...
МАШЫКТЫРУУЧУБУ ЖЕ МАМЛЕКЕТПИ?
Бул окуянын артынан ата мекендик спортко тиешеси барлар да, жоктор да баш көтөрүп өз ойлорун айтып жатышат. Алгач 2008-жылы Бээжинде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль алган Канат Бегалиевдин оюн билдик.
«Негизи, Олимпиадада ийгилик жарата албаганыбыз үчүн спортчулар менен машыктыруучуларды айыптаганыбыз туура эмес. Буга жетекчилик күнөөлүү дейт элем. Анткени алар Олимпиадага олуттуу көңүл буруп, спортчуларды чет жерлерге сборго жиберишкен жок. Мен «Бээжин-2008» Олимпиадасынын алдында 10 ай чет өлкөлөрдө сбордо болгом. Анан да жетекчиликке суроо, биз ишеним артып жаткандан кийин Даниярдын машыктыруучусун
эмнеге алып барышкан жок?Олимпиаданы көрүп калган киши катары Даниярга кеңеш берип, мен да барышым керек болчу»,- дейт Канат мырза.
«Ар-намыс» партиясынан ЖКнын депутаты Дастан Бекешов болсо: «Ооба, Олимпиададан спортчуларыбыз медалсыз кайтышты. Жалпылап карасак, бул спортчуларга колдоо көрсөтө албаган мамлекеттин ишинин жыйынтыгы»,- дейт.
Ал эми КРнын Олимпиадага даярдоо борборунун директору Насирдин Акылбеков такыр башкача ойдо. «Мамлекет спортчуларды тиешелүү деңгээлде каржылап, камсыздандыра алды. КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттиги машыгууга 100 миллион сом бөлгөн. Артылган жоопкерчиликти башкы машыктыруучулар сезиши керек болчу»,- дейт. Ал эми Улуттук оюндарды өнүктүрүү республикалык борборунун жетекчиси Алмаз Касенов Насирдин Акылбековдун сөзүн кубаттоо менен төмөнкүдөй оюн билдирди:
– Спортчулар моралдык жактан жетиштүү даярдана алышкан жок. Мелдешке келгенде ойгоно албай коюшту.
САЯСИЙ САПАР БОЛДУБУ?
Мамлекет тарапка доо коюлуп жаткан соң КРнын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Байгазы Кенжебаев менен байланышканыбызда: «Эмне себептен сапарыбыз ийгиликсиз болгонун талдап бүтө элекпиз»,- деп кийинчерээк сүйлөшүүнү сунуштады. Андыктан айрым биз түшүнө албай жаткан маселелерди айта кетели дедик.
Белгилүү эле адамдардын айтымында, бул сапар саясий сапар болду. Спорт ишмерлерине бөлүнгөн орундарга (мисалы, балбан Данияр Көбөновдун машыктыруучусунун орду) чиновниктер барган. «Мамлекет бардык шартты түздү» деп жогору жактагылар актанганы менен, спортчулар күчтүү сборлорго барбаганы ачык эле көрүнүп турат. Анан да биздин спортчулар Лондонго эрте барып, ал жердин аба-шартына көнгөнгө укуктуу эле. Бул үчүн атайын орун, тамак-аш да каралган. Анан эмнеге спортчуларыбыз мелдешке эки күн калганда учуп кетишти, анысы да түшүнүксүз.
КАЗАКТАРДЫ КУТТУКТАЙБЫЗ
Мурунку СССРден тараган өлкөлөр 164 медаль (47 алтын) алуу менен башка атаандаштарды артта калтырды. Кызыгы, алардын ичинде Түркмөнстан менен Кыргызстан гана медаль албады. Казакстан өзгөчө ачылыш жасады десек болот. Макаланы Казакстандагы «Ак жол» партиясынын лидери Азат Перуашевдин казак элин жана өлкө президенти Нурсултан Назарбаевди жеңиши менен куттуктап жазган каты менен жыйынтыктамакчыбыз.
«Бул жеңиштер – сиз жүргүзгөн күчтүү, заманбап, амбициялуу жана атаандаштыктан коркпогон саясаттын үзүрү...» деп жазылат катта. Катты окуган казактар партлидерди сынга алышты, «жасакерленип жатат» деп. Бирок каттын чындыгы бар.Мамлекет тарабынан спортчуларга жогорку деңгээлдеги колдоо, стимул, дух берилбесе, бул ийгилик жаралмак эмес. Биз 2016-жылы Бразилияда өтүүчү кийинки Олимпиаданы эмес, өлкө жетекчилигинин, спорт чиновниктеринин ушундай мүнөзгө ээ болчу күнүн күтөбүз.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg
«ЛОНДОН-2012» ОЛИМПИАДАСЫНДА БИЗ НЕГЕ ЖЕҢИЛДИК?
Майрамбек Будайчиев,
студент:
– Жеңилгенибизге спортчулар эмес, мамлекет күнөөлүү деп эсептейм. Жетиштүү колдоо болбоду. Анан Канат Бегалиев сыяктуу жаш машыктыруучулар керек эле. Балким, Лондондун абасына көндүрүү үчүн аларды эртерээк жиберсек болот беле?
Фарида Баетова,
ишкер:
– Биздин спортчуларга жетиштүү көңүл бурулган жок. Каржылык, моралдык жактан даярдык начар болуп калды. Кийинки Олимпиадада күчтүүрөөк даярдык көрүшүбүз керек.
Кубан Исаев,
пенсионер:
– Жогору жактан колдоо болбогон үчүн жеңилдик. Биз спортчуларга эл катары көңүл бура албай жатабыз. Олимпиадада жеңишке жетчү спортчуну бала бакчадан баштап тарбиялап, калыптандырып чыгыш керек.
Ома,
ырчы:
– Мамлекеттин колдоосу жок. Казакстанды карасак, спортчуларында бардык шарттар бар. Спортчулар спорт менен гана баш оорутушат. Бизде мамлекет анча каржылап бере албагандыктан, кара терге батып өздөрү умтулуп, аракет жасап жатышат.
Эмил Токтогонов,
машыктыруучу:
– Бул биздин өлкөнүн экономикасына байланыштуу. Өнүкпөгөн өлкөдө спорт менен искусство каралбай эле калат да. Олимпиаданын алтын медалы оңой келбейт. Ал үчүн көптөгөн акча, күч сарптоо керек.
Давлет Шадыбеков,
соодагер:
– Биздин спортчулардын эл аралык тажрыйбасы жок болуп калды. Ийгилик дегенди чет жерлерде көп мелдештерге катышкан спортчулар жаратат. Анан да спорттук борборлор аз, акча жок...
Эрзат Дарбанов,
жеке ишкер:
– Даниярдан үмүт кылганбыз. Ал карып калгангабы, жакшы күрөшпөдү. Ордун жаштарга бериши керек. Бул жерде мамлекеттин колдобогону, стимулдун жоктугу ачык көрүнүп турду.
Алмагүл Турдалиева
koom@super.kg