УБАКЫТ МЕНЕН ЖАРЫШКАН СААТТАР

Бүт өмүрүбүз акча, байлык, мамиле, достук, бийлик менен ар кандай бааланып ченелсе, бир гана убакыт менен бардык өмүрлөр бирдей ченелет. Ал эч кимди сүйбөйт, эч кимди жаман көрбөйт. Убакыт баарын бирдей алып кетет эмеспи. Андыктан “убакытты туура пайдаланып гана ийгиликке жетүү керек” деп жүргөн кыргыздын белгилүү, белдүү инсандарынын убакыт ченөөчү сааттары тууралуу сөз кылабыз.

Сааттардын мекени

Ар бир эле товарды алып жатканда сапаты менен баасы каралат эмеспи. Ал эми саат тандоодо сырткы көрүнүшү менен аны чыгарган фирманын престиждүүлүгүнө көңүл бурулат.
Саат чыгаруу боюнча дүйнөдө Швейцария жана Япония алдыда келет. Швейцариялык “Tissot”, “Appella”,”Longines”, “Chopard” жана “Patek Philippe” фирмалары дүйнө жүзү боюнча алдына эч кимди чыгарбай келишет. Андан кем калышпаган Япония “Citizen”, “Orient”, “Seiko” фирмалары менен сапаттуу сааттарды чыгарып келет. Бирок ага карабай Швейцария өлкөсү дүйнөдөгү элиталык сааттардын 95 пайызын чыгарат. Бир жылда 25 миллион даана саат экспорттоо менен жылына 9 миллиард доллар киреше табат.

Эң кымбат...

Дүйнөдөгү эң кымбат саат болуп “Henry Graves Supercomplication” фирмасынын “Patek Philippe” сааты эсептелет. 1932-жылы жасалган бул саат ­
11 миллион 2 миң 500 долларга сатылган. Сатып алуучу өзүнүн ысымын айткысы келген эмес. Айта кетсек, Орусиянын премьер-министри В.Путин да ушул сааттарга басым жасап тагынат.

Бек Борбиев, ырчы, бажы кызматкери

300дөн ашуун мукамдуу ырлардын автору, көптөгөн кыздарды сыздаткан, азыркы кезде бажы кызматкери болуп иштеген Бек Борбиев швейцариялык “Pierre Muller” аттуу саатын ардактап тагынып жүрөт. Анткени бул саатты кыргызга белгилүү бир жакшы санаалашы белекке берген.Сааттын баасы 10000 АКШ долларынын тегерегинде.

Бактылуулар...

Кыргыз элинин таанымал уулдары Ташкул Керексизов, Турусбек Мамашев жана Ибрагим Жунусов сыяктуу инсандарыбыз такыр саат тагынышпайт экен. Аталгандардын баары “так жүрүүнү талап кылган совет мезгилинде эле саат такканбыз. Азыр болсо саат тагынбай бактылуулардын катарындабыз. Убакытты билүү зарыл болсо, уюлдук телефон жардамга келет” дешет.

К.Исабеков, ЖКнын төрагасынын орун басары

Элге көрүнүктүү саясатчы, кыргыздын патриоту Кубанычбек Исабековдун такай тагынып жүргөн 2 сааты бар. Биринчиси япон сааты. Ал экс-премьер-министр Азимбек Исабеков 50 жаш мааракесинде белек кылган “Сasio” фирмасынын сааты. Бул саатты кышкы мезгилде күңүрт кийимдер менен тагынат. Экинчи сааты кайра эле Япониянын “Orient” фирмасынын сааты. Баалары 150 АКШ долларынын тегерегинде.

К.Турапов, Улуттук филармониянын директору

Мурдагы депутат, улуу муундун сүйүктүү ырчысы Керим Турапов көпчүлүк учурда жаңы депутат болгондо, кесиптештери белек кылган, Швейцариядан чыгарылган саатты тагынып жүрөт. Кандай үлгүдөгү саат экенин айткан жок. Баасы 40000 сом.

Ж.Сатыбалдиев, «КАТЕЛ» компаниясынын башкы директору

Мурдагы аткаминер, азыркы “Каtel” компаниясынын башкы директору Жантөрө
Сатыбалдиев саатты убакытты билиш үчүн эле тагынып, анын баасына жана кооздугуна эч көңүл бурбайт. Колунан түшүрбөй тагынып келе жаткан сааты Швейцария өлкөсүнүн “Tissot” фирмасынын продукциясы. Баасы 500 АКШ долларын чапчыйт.

А.Бекназаров, БЭКтин координатору

Акаевди ээрден шыпырган башкы каармандардын бири А.Бекназаров такай саат тагынбайт. Кээде гана чочугандай тагынып алмайы бар. Саат Япониянын “Casio”, фирмасынын продукциясы. 50 жылдык мааракесине Ф.Кулов белек кылган. Баасы 2500 сом.

Ө.Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы

ЖКга депутат болуу, шайлануу жагынан рекордчу Ө.Текебаев ар дайым бир гана саатты тагынып жүрөт. Аны 3 жыл мурун 1000 сомго сатып алган. Ал Москвадан чыгарылган “Ракета” үлгүсүндөгү саат. Ал эми белекке алган сааттары бир нече. Алардын катарында ажобуз К.Бакиевден белекке алган сааты да бар.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 336, 10-16-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан