АТАСЫЗ ӨСҮП ЖАТКАН БАЛДАР ЖАРДАМ АЛЫШТЫ

Дүйнөлүк жаштар ассамблеясы “Дил мүрөгү – адеп-ахлак” борбору менен биргеликте Нарын шаарынын Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектепте кайрымдуулук акциясын өткөрдү. Анда Нарын шаарында атасыз өсүп жаткан 123 жаш балага окуу жылынын башталар алдында кийим-кечек, портфель, дептер, калем сап жана башка мектепке керектүү буюмдар берилди. Ошондой эле аталган уюмдар тарабынан бул өспүрүмдөргө ай сайын миң сом берилип турат. “Бир эле материалдык жактан колдоо көрсөтпөстөн, балдардын ден соолугун текшерүү үчүн врачтарды да чакырып турабыз”,- деп борбордун өкүлү Кемел Сүйүнов айтып берди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
sabirdinovich
2012-08-29 11:55:36
Бироого кылган жакшылык Кудайдан эселеп кайра кайтат. Рахмат.
0
nelli
2012-08-30 02:00:43
жакшы азаматтар. Ушундай жакшылыктар кобойо берсин
0
№ 512, 24-30-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан