– Неля, сага орусча ыр ырдап чыгууга эмне себеп болду?
– Көбүнчө мага орус тилдүү чөйрөдө ырдаганга туура келип калат. Ошондой кездерде орусча жазылган ырым жок эмне кылаарымды билбей калам. Ошондуктан, бир орусча ыр жаздырып коюуну туура көрдүм. Бул ырдын автору өзүмдүн бөлөм Элиза Исмаилова. Ырда сүйүүсүнөн айрылганда кыйналган сезимдер айтылат.– Анда клиптин мазмуну да ошого жараша тартылса керек?
– Клипте жигит кызы менен жакшынакай жүрүп эле ошол эле убакта башка кызды сүйө берет. Өзүн алмаштырып жатканына өз көзү менен күбө болгон биринчи кыздын кайгысы, ызасы, ыйы клипте көрсөтүлөт.
– Клипке роль аткарууга кимдерди тандап алдың?
– Жигиттин ролун ди-джей Чыңгыз Мурзаев аткарды. Сүйүүсүнөн айрылган биринчи кызды мен, менин сүйүүмдү тартып алган экинчи кызды өзүмдүн чачтарачым Назик ойноду. Жигиттин ролун ойногонго эч кимди таппай турганыбызда оюбузга Чыңгыз келди. Анда биз Көлдө жүргөнбүз. Ошентип, түнкү саат төрттө Мырза байке Бишкекке Чыңгызга телефон чалды. Эртең менен турсам эле Чыңгыз жүрөт. Алгач түшүнбөй калдым. Көрсө, Чыңгыз эртең менен саат алтыда Бишкектен чыгып, сегиз жарымдарда Көлгө жетип барыптыр. Ошентип, ошол күнү Көл жээгинен клиптин жарымын тарттык. Ал эми “Вефада” бир жумадан кийин тарттык.
– Клипте ойной албай кыйналган жерлериң болдубу?
– Жигитимдин башка кыз менен жүргөнүн көргөндө көзүмдөн жаш куюлтуп ыйлаган жерим бар болчу. Ошол жерин окшоштура албай кыйналдым. Акыры курбуларым маанайымды аябай бузушуп, ыйлатышты. Ошол убакта жигитим менен жаңыдан таарынышып жүрдүм эле. Ошону эстеп, анан ыйлаганга туура келди.– Жигитиң менен урушуп кеттиңби?
– Ооба. Менин акыркы кездердеги тынымсыз гастролум ага жакпай калды. Ошонун айынан учурда ортобузда түшүнбөстүктөр болуп жатат.
– Клипте Чыңгыз экөөңөр жакшы түгөй болуп калыптырсыңар. Кокусунан ортоңордо чын эле жаңы сезимдер пайда болуп жаткан жокпу?
– М-мм... Эмне десем? Балким, пайда болуп жаткандыр. Аны убакыт көрсөтөт...
Маектешкен Азиза Сатимбекова