ИЗДЕЙМ СЕНИ

Редакциябызга жакындарын, тууган-туушкандарын издеп кимдер гана кайрылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыяланган соң табышып, катышып кеткендер көп.

“КИЧИНЕ КЕЗИМДЕ АДАШЫП КЕТКЕМ”
– Кичине кезимде, болжол менен 1999-жылы 7 жашымда Бишкекте апам менен жүрүп базардан адашып кеткем. Тилекке каршы, апам менен атамдын аттары эсимде калбаптыр. Эсимде калганы, апам кызылча заводунда иштечү. Мени көчөдөн милиция кызматкерлери кармап алышты. Ошол кезде мен кайда жашаарыбызды билчүмүн, бирок милициялар мени бошотпой коюшкан. Алар мени Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылындагы М.Раззаков атындагы кароосуз калган балдар үйүнө жиберишти. Ошол жерде окуп, чоңойдум. Андан соң аскерде кызмат өтөдүм. Азыр Бишкекке көчүп келдим. Балким, ушул аралыкта ата-энем мени издешсе керек, балким, менден түңүлүшкөн чыгар... Ата, апа! Мен бармын, чоңойдум. Сиздерге жолугуп, эркелегим келет. Мага байланышып коюшуңуздарды суранам. Адыл Досонов, т.: 0778 16-90-44, 0777 58-59-90

“АГАЛАРЫМДЫ ТАПТЫМ”
– Урматтуу “Супер-Инфо” гезитинин жалпы жамааты! Мен сиздерге терең ыраазычылыгымды билдиргим келип турат. Канча жылдан бери издеген агаларымды сиздердин “Издейм сени” рубрикаңыздар аркылуу таптым. Учурда өзүмдү ак дасторкон үстүндө дүйнөдөгү эң бактылуу карындаш сезип отурам. Сиздерге албан-албан ийгиликтерди, ден соолук, бакыт каалайм! Бар болуңуздар! Урматым менен Фатима

“ГРУППАЛАШТАР, КАЙДАСЫҢАР?”
– Мен Кыргыз агрардык академиясынын зооинженер факультетинин НАЭК-1-97 тайпасында 1997-2002-жылга чейин окуган группалаштарымды издейм. Алар: Жоомарт Мамбетсадыков, Жолдош Ишенкул уулу (Кочкор району), Сүйүн Мукамбетов (Каракол шаары), Эмил Бакиев (Бөкөнбаев айылы, Тоң району). Кимде-ким бул адамдар тууралуу билсе, кабарлап койсоңуздар. Нургүл Шаршеева, т.: 0559 975-976

“ЖАШТЫГЫБЫЗДЫ ЭСКЕРЕЛИ”
– Урматтуу редакция жа­на окурмандар! Мен 1983-1988-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетинде окуган курбуларымды издейм. Алар: Айнура Маатова (Нарын шаарынан), Анаркүл Кыдыралиева (Чаекке турмушка чыккан, өзү жумгалдык), Кализа Дүйшөналиева (Жайыл районуна турмушка чыккан), Айгүл Маматбаева (Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектепте иштейт деп уккам). Курбуларымды табууга көмөктөшүүңөрдү суранам. Арадан көп жылдар өттү, жаштык кезди эскерип, алардын кабарын билгим келет. Алдын ала ыраазычылык билдирем. Роза Нусупова, т.: 0772 74-66-52

“КУРБУМА ЖОЛУГА ЭЛЕГИМЕ КӨП БОЛДУ”
– 1956-жылы туулган Бекеева Токтобүбү Сартбаевна (Танчо деп эркелетип койчубуз) аттуу Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жарык дүйнөгө келген курбумду издейм. Ал Фрунзедеги (азыркы Бишкек) В.Маяковский атындагы Кыз-келиндер институтунда окучу. Экөөбүз 1979-жылдан бери жолуга элекпиз. Эгер гезиттен окуп калсаң, мага сөзсүз байланышып коюшуңду суранам. Бузулайка Ибрагимова, т.: 0772 16-54-40

“ТЕҢТУШТАРЫМА ЖОЛУККУМ КЕЛЕТ”
– Мен, Санабар Ботобаева, Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынан болом. Учурда Екатеринбург шаарында жашайм. 1979-1981-жылдары Бишкек (Фрунзе) шаарында №17-кесиптик окуу жайында 69-70-группада окуган жана бир бөлмөдө чогуу жашаган группалаштарымды издейм. Алар: Гүлжан Бойдоева (Тоң району), Махира Жолдошова (Манас району), Каныкей Таабалдиева (Ысык-Көл району), Рахат Ахунова (Тоң району, Бөкөнбаев айылы), Күкү Жээналиева (Талас району), Айгүл Касымалиева (Быстровка айылы, Ороз деген жолдошу бар болчу), Гүлнара Ташматова (Базар-Коргон району), Гүлсара (Ысык-Көл облусу), Арзыкан (Жети-Өгүз району), Алтынай Темирова, Канайым (Чолпон-Ата шаары). Курбулар, дайыныңарды билдиргиле. Т.: 89122085891

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-26

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 512, 24-30-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан