Архив
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
КАЛЫҢ ҮЧҮН КЫЙЫЛГАН ӨМҮР№337 17-23-апрель, 2009-ж. Ар бир адамга ар кандай тагдыр туш келет эмеспи. Кээ бири башына түшкөн оор тагдырды көтөрө билип, караңгыдан жол таап кетсе, айрымдары ичкиликтин торуна түшүп беришет. Ал эми дагы бири өз өмүрүн кыюуга да барат. Төмөндөгү окуя Тоң районуна караштуу айылдардын биринде болуп өткөн. Өзү келген келин Кыздын кумарлуу көздөрүнө жалжылдай караган жигиттин келечекке койгон максаттары чоң. Анын оюна койсо, азыр эле кызды колунан жетелеп ак көшөгөгө киргизип, турмуштун даңгыр жолуна сапар алмак. Кыз сыр билгизбегени менен, жигиттин оюна каршы эместей. Бул күнү сүйүшкөндөр асмандан жылдыздар көрүнгөнгө чейин көл жээктеп сейилдешти. Ооба, ушул түнү эки жаш түбөлүккө бирге болууга бири-бирине сөз беришти. Бирок Жазира Мараттан ала качып эле кетүүсүн суранды. Марат мунун себебин деле сураган жок. Болгону, “Жазира ушуну каалап жаткандыр” деп түшүндү. Ошентип, көптөн күткөн күн да жакындап калды. Мараттын үйүндөгүлөр опур-топур болуп, тойго даярдана башташты. Ал эми Жазиранын үйүндөгүлөр бейкапар. Атасы бойго жетип калган кызынын келечеги тууралуу өзүнчө план куруп койгон. Күндөгүдөй эле жумушка кеткен ата кызынын бүгүн турмушка чыгып кетерин сезген жок. Мараттын жүрөгү элеп-желеп болуп, бул күнү тынч албады. Дос балдарын таң атпай чогултту да, Жазираны алып келүү үчүн коңшу айылга жол тартты. Алдын-ала болжошкон жерден Жазираны туура үч саат күтүшсө да, анын карааны көрүнбөдү. “Кыз жөн гана кылыктанып жатат, баары бир алып кетебиз бүгүн. Кел, андан көрө тойдун асты кылып бир аз жутуп алалы”,- деп Маратты достору бир аз кызытып да коюшту. Күтө берип тажаган балдар кыздын үйүнүн дарбазасынын жанына келишип, үйдө бака-шака болгон коноктор бар экенин байкашты. Бул учурда Жазиранын заманасы куурулуп турган кез эле. Кудайдын жазганыбы же жөн гана төп келүүбү, айтор, сөйкө салганы келген конокторго Жазира чай куюп отурду. “Кантип болжошкон жерге жетип барам?” деп ойлонуп, айласы түгөнүп жатты. Байкаса коноктор дагы бир топко чейин отурушчудай. Анын үстүнө, койдун эти жаңы эле казанга салынган болчу. Ушинтип эмне кыларын билбей турган Жазира суу алуу үчүн короого чыкты. Балким, “чала жабылган эшикти жаап коёюн” деп дарбазаны көздөй баспаганда Мараттын ак Жигулисин байкабай калмак. Ошентип, бутундагы үйгө кийген тапичкеси менен түз эле машинага отурган Жазира өз тагдырын атасынын буйругусуз тандап алды. Кызын 80 миңге баалаган ата Чачыла чачылып, келин ак жоолугун салынып, Мараттын үйү опур-топур. Сууга чыгып дайынсыз жоголгон кызын издеген эненин жүрөгү зырылдап, бир окуя болгонун сезип турса да атасына айтпай, коноктордун узашын күттү. Коноктор узаарда кызды чакыртып бата бермекчи болгондо эне байкуш чыдап тура алган жок. Ызы-чуу болушуп, коңшу-колоңдордон сураштырып издеп калышты. “Ак Жигули токтоп турган” дегенди укканда эле баары түшүнүктүү болду окшойт. Таң заары менен келген кудаларга ызырынган Жазиранын атасын кошуналары кой-ай деп жатып араң басышты. “Менин кызым силерге кой эмес! Уурдап кетиптирсиңер, анын үстүнө, кудалашып да койгом. Кызымды алып келгиле!” деген жооп алышкан кудалар таш тиштегендей эле болушту. Качан гана “куда, бир ачууңузду бизге бериңиз, балдар жашап алышыптыр” деген сөздү укканда гана сестее түшкөн Жазиранын атасы “анда калыңын да чоң бересиңер” деген сөздү айтып, кудаларды көңүлкош узатты. Той берген Мараттын туугандары кыздын калыңына 20 миң сомун көтөрүп жөнөп калышты. Балээнин баары ушул 20 миң сомдон башталды. “Ай, мен кызыма 80 миң сом калың берчү жерден баш тартып жатсам, бул эмне кылганыңар? Бул силердин шылдың кылганыңарбы?!” деген ачуу сөздөрдү Мараттын туугандары угабыз деп ойлошкон эмес эле. Багы жокко дагы жок... Бул окуядан кийин эки жаш шаарды көздөй баса берди. Бир чети Марат шаарда иштеп, толбой калган калыңды берүүнү максат кылды. Калаадан деле Мараттын жолу боло койгон жок. Тапканы батирден, ичкен тамак-аштан ашпайт. Бир жолу кызынын жашоосун байкаганы келген Жазиранын атасы алдыга коюлган эти жок тамакты ооз тийип да койбой чыгып кеткен. Бул окуядан кийин эле Жазира: “Апам ооруп жатыптыр, үйгө барып келейин”,- деп суранып калат. Оюнда эч нерсе жок Марат колунан келген белек-бечкегин даярдап берип, жубайын ата-энесинин үйүнө узатат. Ушул узатуу менен Марат Жазираны акыркы жолу көрүп жатканын билген жок. Үч күндөн кийин эле келчү Жазира бешинчи күнү да күттүрүп, келген жок. Алгачкы телефон чалууларга “апам ооруп, каралашып жатам” деп жүрдү. Кийинчерээк бир чалса, ачык эле “мени алып кетчи” дегенинен жүрөгү бир нерсени сезген Марат ошол эле күнү жолго чыкты. Кайнатасынын үйүнө барып Марат “Сен кызымды кор кылдың. Же кыйратып иштебейсиң, эл-журтка мени уят кылып жатасың. Кызымды бага алгыдай жумуш тапканда гана Жазираны алып кетесиң” деген сөздөрдү укту. Эми ага баары бир. Темтеңдей басып, өз үйүнө барды. Бир бөтөлкө аракты суу ичкендей шыпкай ичкен Марат муунуп алуу үчүн кой короонун шыбына аркан ыргытты. Чөнтөгүндөгү алдын-ала жазылган катты жерге ыргытып койду. Анда: “Тагдыр мага эмне үчүн кыйноо салды? Ушундан көрө бул дүйнө менен кош айтышып, кара жерди жамынып жатканым жакшы. Кечиргиле мени, апаке, атаке, биртуугандарым, ардагым Жазира! Мени ушул өлүмгө түрткү кылган адамдан да кечирим сурайм!”- деп жазылган эле. Бахияна Сатылганова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(3)
asiraasira
![]()
19.07.2011. 11:15
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
17-07-2011
Соӊку аракети:
10-01-2017 15:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
vladivostok
+1
эр жигиттин башына эмнелер кана келбейт.шайтандын азгырыгына алданып калып акылсыздык кылыптырэр жигиттин башына эмнелер кана келбейт.шайтандын азгырыгына алданып калып акылсыздык кылыптыр
lady1409
![]()
26.01.2013. 21:07
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
23-01-2013
Соӊку аракети:
11-12-2017 23:36
Жынысы:
Белгисиз
+1
сабырдуу болуш керек кудаанын сыноосуна чыдаш керек
Айдай
![]()
21.02.2018. 16:34
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
11-11-2008
Соӊку аракети:
22-02-2019 15:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Тааныш тагдыр экен...
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|