Улам бир жаңы электроникалык техника чыкса, аны колдонууну толук өздөштүрө электе экинчиси жарыкка келет. Алардын бири – компьютерлер. 2-3 жылдан бери планшет деген түшүнүк биздин коомчулукту да аралап, кээ бирибиз угуп гана жүрсөк, айрымдар маалымат топтоочу, ташуучу каражат катары колдонуп жүрүшөт. Бүгүнкү сөзүбүз мына ушул планшет жөнүндө болмокчу.
ПЛАНШЕТТИК КОМПЬЮТЕР ДЕГЕН ЭМНЕ?
Планшеттик компьютерлер кадимки биз билген компьютердин акыркы үлгүдөгү жаңы түрлөрү болуп саналат. “Планшет” бул – француз сөзү (фр. рlanchette). Бизче которгондо “талаада жүргөн убакта карта түшүрүүгө, жазууга колдонулуучу кагаз бекитилүүчү такта” дегенди түшүндүрөт. Жогоруда айтылгандай, планшеттик компьютерди жаныңызда алып жүрүп, каалаган жайда колдонууга мүмкүн. Сенсордук экран менен жабдылып, ал манжанын жана атайын таякчанын (стилус) жардамы менен иштейт. Каалаган учурда клавиатура, чычканга туташтырып ноутбук катары колдонсо болот. Планшеттер негизинен интернетке кирүүгө, видеобайланышка, видео көрүү, музыка угуу жана оюн ойноого ылайыкталган. Wi-Fi, 3G/4G кошулган жана кайсы жерде болсоңуз да интернетти пайдаланууга шарт түзөт. Ошондой эле атайын офистик документтер менен иштөөгө, сүрөт тартууга багытталгандары да бар. Планшеттердин экранынын диагоналы 4 (10,16 см)дюймдан 21 (53,34 см) дюймга чейинкилери бар.
ТАЯКЧА (СТИЛУС)
Интернетте көп отургандар, эң жакшысы, таякча алганы оң. Манжа менен иштөө кыйынчылыкты жаратары белгилүү.
ЭКРАН
Планшет алам деген адам эң биринчи аны кандай максатта колдонот? Ошону билүүсү керек. Негизинен, планшетти экранынын көлөмүнө карап эки топко бөлүшөт: 7 дюймга чейинки жана 7 дюймдан жогору деп. Эгер китеп окуу, интернетке кирүү, видео, сүрөт көрүү үчүн колдонгуңуз келсе, экраны 7 дюймдук жарайт. Документ иштери менен иштейм десеңиз, 7 дюймдуктан жогорулары жакшы.
Ошондой эле экрандар эки топко бөлүнөт: атайын таякчанын жардамы менен иштей турган айнек экран (резистивный) жана манжанын жардамы менен иштей турган экран (ёмкостный).
Таякча менен иштеген түрүнүн артыкчылыгы – башка нерселер тийип кетсе да планшеттин экранында эч кандай реакция жасалбайт. Текст жазууда кыйынчылык жаралбайт. Ал эми манжа менен иштеген түрү иштөөгө жеңил. Бирок кемчилиги – суукта манжа муздап калса экранды иштетүүгө мүмкүн болбой калат. Кокусунан башка нерсе тийип кетсе, экран дароо реакция кылып, башка иштерди аткарып жиберип убара кылат.
АККУМУЛЯТОР
Эң негизги көңүл буруучу бөлүктөрүнүн бири бул – аккумулятор. Мисалы, 1000 миллиампер саат (мА/ч) деп көрсөтүлгөн планшеттин аккумуляторунун заряды бир кинону толук көрүүгө жетпей калышы мүмкүн же оюн ойноодо бир нече саатка гана чыдайт. Андыктан аккумуляторунун кубаты 2000 миллиампер сааттан жогору болгондорун тандаган оң жана канча саатка чейин иштегенге кубаты жетет ошого көңүл буруңуз. Экран канчалык чоң болсо, энергияны да ошончо көп сарптайт.
КОШУМЧА ТҮЗҮЛҮШТӨРДҮ КОШУУ
Планшетке сырткы кошумча түзүлүштөрдү кошууга мүмкүнбү же жокпу, ошол жагына да көңүл буруу зарыл. Мисалы, планшеттин USB-туташтыргычы болсо, чычканды, флешканы, клавиатураны туташтырууга мүмкүн. Ошондой эле телевизорго да кошууга шарт түзүлөт.
САЛМАГЫ
Планшеттин салмагы 600 граммдын тегерегин түзөт. Ал эми планшет алган соң чийилбеш үчүн ага атайын кап кийгизүү керек. Мына ошондо анын салмагы 1 килограммга жетиши мүмкүн. Мында клавиатура орнотулган кап да бар. Мындай салмакты көпкө чейин колго кармап туруу, көтөрүп жүрүү ыңгайсыз.
ФОТОКАМЕРА
Видеобайланыш, видео, сүрөт тартуу үчүн атайын фотокамера болууга тийиш.
ПРОГРАММА МЕНЕН КАМСЫЗДОО
Учурда планшеттер, негизинен, “АйОС” (“iOS”) жана “Андроид” (“Android”) оперативдик системдери менен жабдылган. Мында компьютердик программалардын баары бар десек болот. Бирок кээ бир планшеттер сүрөт, видео көрүү, китеп окуу жана интернетке кирүү үчүн базалык программалар менен гана жабдылган. Мындай учурда өзүңүз каалаган программаны планшетке жүктөп, орнотуу үчүн сатып алууга туура келет.
ИНТЕРНЕТ
Планшеттердин кээ биринде 3G же 4G модеми бар. Ал эми кээ биринде булар жок да, WiFi гана бар. 3G же 4G модеми аркылуу интернетке чыгууга мүмкүнчүлүк чоң жана каалаган аймактан чыга аласыз. Ал эми WiFi болсо, интернетке кирүү үчүн белгилүү гана имараттын тегерегинде шарт бар. Ошондой эле планшеттин сырткы корпусу темирден жасалган болсо, WiFi аркылуу интернетке кирүү кыйынчылыкты жаратат. Себеби антенна жакшы кармабай калат. Мындан сырткары GPS-навигатор катары жолдо жүрүүдө колдонууга мүмкүн. Өзгөчө автоунаага ыңгайлуу.
ИШТӨӨ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ
Мында процессордун жыштыгы же жөнөкөй сөз менен айтканда, ядролордун саны маанилүү. Процессордун жыштыгы 600 Мегагерц сандык көрсөткүчүндө болсо, mpeg4 форматындагы фильм, видеолорду көрүүгө жарайт. Мында анын баасы да арзаныраак. Ал эми HD-видео форматындагы видеолор үчүн 720 Мегагерцтен жогорку жыштыктагы планшеттерди колдонуу зарыл. Оюн ойноо үчүн процессору күчтүү дегендерин тандоо керек. Процессор канчалык күчтүү болсо, компьютердин иш аткаруу мүмкүнчүлүгү жогору болот. Оперативдик эсинин (оперативная память) сыйымдуулугуна да көңүл буруу абзел.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg