Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ӨТКӨН ӨМҮР, КӨРГӨН КҮН...

№337 17-23-апрель, 2009-ж.


Адабиятты чалкыган мухит дешет. Бул тереңдикке баш-оту менен сүңгүгөн адамдардын ары табышмактуу, ары кызыктуу тагдырлары ар кимибизди өзүнө тартары анык. Бул ирет назарыңызда аксакал жазуучу Төлөгөн Касымбековдун чыгармачылыгы, инсандык тагдыры.

Кан кууган талант

Төлөгөн аганын чоң атасы Ыбырай төкмө акын болгон экен. Анын биртууган агасы Бекназар да сөз берметин терген чыгаан акын болот. Көп акындар жыйылган жыйында эки биртууган алдына эч кимди салбай жеңип чыгышат. Бирок кыргызда эзелтен эки тууган салмакташпайт, күч сынашпайт эмеспи. Ыбырай агасына жол бошотуп, экинчи эл алдында эч качан комуз алып, сөз айтпашка ант берет. Анттын күчү оңой эмес белем, айткандай эле кызыл тилдүү акын бир жылча таптакыр сүйлөбөй калган делет. Мына ошол Ыбырайдан Касымбек, Касымбектен Төлөгөн төрөлөт. Касымбек атанын балдары токтобой, байбичеси Калбүбү “сендей адамдан тукум калбай калганына кантип жол берем?!” деп, 20 жаштагы Анар аттуу кызга өзү куда түшүп, абышкасына алып берет. Ошондо атасы Касымбек 60 жашта, апасы Анар 20 жашта болот. Жыл айланбай Касымбек ата уул көрөт. Алгач наристенин атын Кудайберди коюшат. Кийин “токтобой калган балдардын төлөмөрү” деп жүрүшүп, аты Төлөгөн болуп калат.

Бир күнү комузду кыңгыратып отурганымды көргөн атам колумдан комузду жулуп алып, ташка чаап сындырып салды”,- дейт Төлөгөн ага. “Сен муну кыңгыратканыңды кой. Биздин тукумга бул жарашпайт. Чоң атабыз “экинчи колубузга комуз кармабайбыз” деп ант берген. Ант уруп кетет. Анчалык эле талантың ташкындап жатса, кара сөзгө чыгар күчүңдү... Окуп сабаттуу бол, кыргыздын тарыхын изилде. Бирок колуңа комуз кармаганыңды экинчи көрбөйүн”,- деди. Менин кара сөзгө ооп кеткенимдин да бирден-бир себеби ушул болду го деп ойлойм”.

Тарыхтын атасы

Төлөгөн ага эрте эле калемге арбалып, чыгармачылык менен алпурушуп баштайт. Анын атын чыгарган атактуу “Сынган кылычты” жазууга 26 жашында киришет. Жарыкка чыгары менен ал кезде саясат башка болгондуктан, «кыргыздын тарыхын жазды» делинип ур-токмокко алынып, автордун көрбөгөнү көр болот. «Сынган кылычтан» кийин “Келкел”, “Баскын”, “Чапкын” болуп отуруп, “Кыргын” романын 74 жашында жазып бүтөт. Жазуучунун айтымында, бул чыгарманы 26 жашынан 74 жашка чыкканга чейин жазган.

Жашыбыз тоскоол болбойт эми бизге ...

– Төлөгөн ага, тагдыр сизге далысын салган учур болсо керек...
– Кыйын кездер болду. Балапан күнүмдө баш кошкон жубайым Адаш айыкпас оорунун айынан 30 жыл төшөк тартып жатып калды. Эшикке чыгып эркек, үйгө келип аялдын ишин кылган күндөрүм болду. Бул да тагдырдын оор сыноосу. Ал байбичемден 5 эркек, 1 кызым бар. Баары орун-очок алышкан. Балдарымдын улуусу 60 жашта, кичүүсү 45те. Байбичемдин ашын берип, ариетин кылгандан эки жыл өткөндө гана Элмирага жолуктум.
– Сиздердин сүйүү­нүн “Раймалы менен Бегимайдын сүйүүсүндөй” деп аңыз болуп кеткени бекер эместир...
– Мага аял эмес, акыл салган кеңешчи, камкор адам керек болчу. Ошентип, Элмира тууралуу айтып калышты. Экөөбүздүн ортобузда жаш өзгөчөлүк да оңой эмес эле. Алгач өзүн көргөнүм жок. Оюмда “ата-энеси кандай болсо, алар тарбиялаган кыз дагы ошондой болот” деп ойлоп, түз эле атасына бардым. Кыргызда “ыйманы жарык” деп коюшат го. Элмиранын атасы ошондой акылы тунук, көптү көргөн адам экен. Аркы-беркини сүйлөшүп отуруп: “Сиздин мага ылайык кызыңыз бар экен. Мен кызыңыздын колун сурап келдим”,- деп түз эле айттым. Ал киши шарт эле: “Сендей залкар адам кызымдын колун сурап келсе, кантип шагын сындырайын. Мен макулмун”,- деп жиберди. Ошентип сүйлөшүп отурсак Элмира жумуштан келип калды. Биринчи жолу ошондо көрдүм. Буйрук экен, минтип үйлөнүп, Асылбек аттуу уулдуу да болдук. Элмира азыр мени баласындай багат. Мен ага эки дүйнөдө тең ыраазымын.
– Ортоңордо тоскоолдуктар да болсо керек...
– Тоскоолдуктар болду, болуп да келе жатат. Кечээ-жакында эле аялыма кол салуу болду. Айрымдар “күңүнүн күлү жоо” дегендей кеп айтышып, “балдарыңдын эле колунан келди. Эрте эле укук талашып жатышат” деп да сөз чыгарып жиберишиптир. Анын чын-төгүнүн тактап жүргүбүз келбеди. Чындык баары бир калкып чыгат.
– Азыр эмне менен алек болуп жатасыз?
– Учурда мемуардык чыгармамдын I томун жазып бүттүм. Сынбасты уста жаратпаптыр, өлбөстү Кудай жаратпаптыр. Көкүрөк күчүгүм Асылбекке эскерүү китебин жазып жатам. Керез-мурасымды да кагаз бетине түшүрүп, кыргыз элиме кайрылуу жазып койдум.
– “Арманы жок адам болбойт” дешет, арманыңыз барбы?
– Менин арманымдын баарын уулум Асылбек жууп кетти.
Эми баатырдын жубайына суроо узаттык.
– Элмира эже, айтсаңыз, атактуу адамдын жубайы болуу кыйынбы?
– Албетте, ар дайым эл алдында жүрөсүң. Анан да агаң экөөбүздү ушак кылгандан эл эч жадабай койду. Өзүм катуу ооруп, ошол оорумдун айынан мурунку күйөөм мени таштап, башка аял менен мамиле түзүп кеткен. Маңдайыма жазган буйрук ушул экен.
Атамдын кеңеши менен бул үйдүн босогосун аттадым. “Мен сени кыйнабайм, кызым. Бирок ушул адамга турмушка чыгып алганың эле оң. Өзүң минтип оорукчан болсоң, сени “төрөп бер” деп да кыйнабайт. Өмүрүңөр жетишинче сыйлашып жашайсыңар. Менин сага айткан акылым ушул”,- деди. Мен ыйлап жибердим. Өзүң эле ойлосоң, мен 35 жашта, ал 70 жашта болуп турса...
– Алгачкы күндөрү кандай мамиле жасачу эле Төлөгөн ага?
– Биринчи күндөрү экөөбүз тең кызык болдук. Сүйлөшөбүз, тамак ичебиз, куду конокко келген кишилердей. Нике кыйгандан кийин бир ай койнума кирген жок. Бир эле бөлмөдө, бир керебетте жатабыз, бирок эки башка жууркан жамынабыз. Мен эмне кыларымды билбей, көзүмдү чылк жуумп алып уктамыш болуп жатып, чындап эле уктап калам. Ошентип жүрүп жакындашып кеттик. Баарынан кызыгы, эки айга жетпей менин боюма бүтүп калып жатпайбы. Эне болуу деген менин үч уктасам түшүмө кирген эмес эле. Алгач алдырам деп ойлоп жүрдүм. Анткени мен өтө күчтүү дарыларды, химиотерапия да алган элем. Ошонун баары балага таасир этип, оорукчан болуп калабы деп коркуп жүрдүм. Агаңар болсо: “Сен бул баланы төрөшүң керек. Мен деле атамдын алтымышка чыкканда көргөн баласымын. Эч нерсе болбойт”,- деп намаз окуп, мени тынчтандырып жүрдү.
– Уулуңуз Төлөгөн агага аябай окшош экен. Кимиңерге жакын?
– Атасына жакын. Мен болсом кичине катуу кармайм. Экөөнүн сүйлөшкөн сөзү бүтпөйт.
– Ал эми аганын улуу балдары менен мамилеңер кандай?
– Улуу баласы Райкан жана кызы Бегимжан менен катышып турабыз.
– Төлөгөн ага айтып кеткен кырсык тууралуу эмне дей аласыз?
– Өзүм жалгыз дачада жүргөн элем. Артымдан келип бычак сайылганда эсимди жоготуп койгон экем. Таң калганым, дачадагы ит короого киши киргизчү эмес. Ошондон улам тааныган бирөө эле кол салды го деп ойлоп калдым. Кимди күнөөлөөрүмдү да билбейм. Ал адамды Кудай өзү жазалаар.

Нуржамал Жийдебаева
Lira@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: