Жалал-Абаддагы "Кыргызпетролеумкомпани" ишканасынын 50 пайыздык акциясы сатылганы жатканын "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев айтып чыкты. Депутат бул компаниянын 50 пайызы «Кыргызмунайгаздыкы», 50 пайызы «Петрофактыкы» экенин кошумчалап, «Петрофак» күтүүсүздөн өз үлүшүн 4 миллион 700 долларга сатабыз деп келишим түзүп жатканын билдирди.
«Биринчи сунушту алар «Кыргызмунайгазга» сунушташы керек, алар эки айдан кийин ала албайбыз дешсе, анда башка компанияга сатса болот. Бир ай өттү, дагы бир ай бар. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду сатып алууну азырынча токтотуп турууну сунуштап, атайын сатып албай жатат. «Кыргызмунайгаздын» кызматкерлери мага «бизге Кайсар, Пирматов чоң акча сунуш кылып, дагы бир ай коё туруңуз деп жатышат» дешти. «Өкмөткө айттыңарбы?» десем, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусуна айтканбыз дешти»,- дейт Текебаев. Кызыгы, аталган фонд «Кыргызмунайгаздан» эч кандай арыз түшпөгөнүн айтууда.
Мындай маалыматты эми гана угуп, «Кыргызмунайгаздын» тышкы башкаруучуларына суроо жөнөткөнүн айтат Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директорунун орун басары Алмазбек Примов.
Өмүрбек Текебаев Бабановдун Лондонго барганын «Петрофак» компаниясынын кеңсесинин Лондондо жайгашканы менен байланыштырып, өкмөт башчынын ишин иликтөөгө алуу керектигин айтты.